БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Шайлоо өнөктүгү учурунда шылуунчулукка шектелип издөөгө алынган жаран кармалды. Ал Жалал-Абад облусундагы жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
43 жаштагы талапкер издөөдө жүргөн. Милициянын маалыматына караганда аталган жаран 2016-жылы Сузак районунда жашаган таанышынын ишенимине кирип унаасын алган. Кийин темир тулпарды сатып жиберип акчасын кайтарып берген эмес. Учурда бул кылмыш иши боюнча сот иши жаңыланды.
Мындан тышкары, ИИМ шайлоо учурунда бир катар мыйзам бузуулардын бетин ачкан. 2330 участканы 9400 милиция кызматкери менен 9100 ыктыярчы көзөмөлгө алган.
- Укук коргоочулар тарабынан жалпы 27 укук бузуу фактылары аныкталган:
- Добуштарды сатып алуу боюнча 7 факты (Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1) катталды;
- Бишкекте үч жолу үгүт материалдары табылган;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда бир бейбаштык катталды;
- Бишкекте жети жолу мыйзамсыз жүргүзүлгөн үгүт иштери аныкталган;
- Бишкек менен Ошто шайлоочуларды участкага ташыган төрт мыйзам бузуу катталды;
Шайлоочулардын укугу бузулган төрт факты Бишкек шаарында катталса, экөө Чүй облусунда болгон.
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо учурунда топтолгон тартип бузуу боюнча материалдар шайлоо комиссиясына өткөрүп берилген.