"Бакыт кнопкасы", электропоезд. Бишкектеги шайлоодо уткан партиялардын убадалары

© AFP / ARIS MESSINISСовещания министров Европейского союза по экономическим и финансовым вопросам в Афинах
Совещания министров Европейского союза по экономическим и финансовым вопросам в Афинах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек өнүкпөгөн, артта калган шаар дегендер көп деле өкүнбөй туруңуздар. Анткени шайлоо өтүп, төрт жыл бою борбор калааны гүлдөтө турган партиялар Бишкек шаардык кеңешке келишти. Буюрса эми жомоктогудай жашоо башталат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Ошентип көптөн күткөн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо да болуп өттү. Учурда жеңилгендердин кабагына кар жааса, утуп чыккандардын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Саясий партиялар колунан келишинче жарышка түшүп, алына жараша жыйынтык алышты. 

БШКнын берген маалыматы боюнча Бишкек шаардык кеңешке КСДП, РАЖ, "Өнүгүү — Прогресс", "Кыргызстан" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары мандат алууга укук алды. Ал эми калган партиялар 7 пайыздык босогодон аша алган жок. 

Буюрса бул партиялар Бишкек шаардык кеңеште төрт жыл отурат. Мына ушул мезгил аралыгында жасайбыз деп ооз толтура берген убадаларын тизмектейбиз. 

Алгач шайлоодон биринчи орунду алган КСДПдан баштайлы. Бул партиянын платформасын расмий алуу үчүн 10го чукул телефон чалуудан майнап чыккан жок. Катчылыкка чалсак маселени Өмүрбек деген киши карайт деп анын телефонун беришти. Ал киши "азыр берем" деген бойдон кумга сиңген суудай жоголду. Шаардык штаб Свердлов райондук бөлүмүнөн алгыла деди эле, ал жактагы күзөтчү "мен эч нерсе билбейм" деген жооп узатты. Дегенибиз, журналисттер жөнөкөй платформаны ала албай жатса, карапайым калк арыз-муңун кантип жеткирет? Айла жок маалыматтарды расмий сайтынан алууга туура келди.

  • КСДП платформасын "Чечкиндүү кадамдар келди" деп баштайт. 
  • Бишкекти Дубайдай эмес, "акылдуу шаар" катары көргүбүз келет.
  • Эми КСДП шаардык аткаруу бийлиги менен тыгыз иштөөгө ниеттенет. (Белгилей кетсек, учурдагы мэри Албек Ибраимов дал ушул партиядан шайланган. Андан бери 9 ай өттү).
  • Шаар бюджетин төрт жыл ичинде аз дегенде үч эсеге көбөйтөбүз.
  • Жол кыймыл эрежелерин бузгандарды видеого түшүрүү долбоорун ишке ашырабыз.
  • Шаардын кооптуу райондоруна милициялар түнкү күзөткө чыгышат. 
  • "Тазалыкты" жаңы таштанды ташуучу унаалар менен камсыздап, таштанды жайлар рекультивацияланат. Жаңы таштанды жайлар курулат.
  • Төрт жыл ичинде алты жер өтмөк курулат.
  • Алты жерге асма жол салынат. 
  • 400 автобус жана 30 троллейбус алынат.

Өмүрбек Бабановдун "Республика — Ата-Журт" партиясы убадага март экенин дагы бир ирет далилдеп, кулак кубана турган сөздөрдү айткан:

  • "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырабыз. 
  • Тез жардам кызматы бейтапка 7 мүнөттүн ичинде жетет.
  • Жашы жете электерге спирт ичимдиктерин жана тамеки сатууга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү демилгесин көтөрөбүз.
  • Автоунаа салыгын жоёбуз.
  • Коомдук транспортту ирилештирип, кичи маршруттардан жогорку сапаттуу автобустарга өтөбүз.
  • Биз "Бакыт кнопкасын" киргизебиз! Чиновниктер элге орой мамиле кылса, 1000 сом айып пул төлөшөт! 
  • 1 батир – 1 автоунаа токтотуучу жай! Жаңы турак жайлардын жана коммерциялык имараттардын жанына автоунаа токтотуучу жайларды милдеттүү түрдө куруу талаптарын койобуз.

"Өнүгүү — Прогресс" партиясы "Натыйжа көрсөтөбүз" деген платформаны сунуштап, көңүл көтөрчү убадаларын жаадырган.

  • Көп кабаттуу заманбап унаа токтотуучу жайларды куруу — мезгил талабы!
  • Ар бир конушта муниципалдык кеңселерди, бош жерлерди эки жылдык мөөнөт менен медициналык борборлорго бекер ижарага берүүнү жана бир жылга чейин салыктан бошотууну сунаштайбыз.
  • Биз соода түйүндөрүн жана көпчүлүк дүкөндөрдү калктын аялуу катмарына товарды 20 пайыз арзандатып берүүгө милдеттендиребиз.
  • Ар бир жаңы конушка заманбап каражат менен жабдылган спорт аянтчалары болушу керек.

Шайлоодо төртүнчү орунду ээлеген "Мекеним Кыргызстан" партиясы да башкалардан калышкан эмес. 

  • Биз 4 жылдын ичинде Бишкектин бардык мектептерин капиталдык ремонттон өткөрөбүз.
  • Окуучуларга акысыз жол кирени камсыздоо боюнча программа иштеп чыгабыз жана аны киргизебиз.
  • Биз Бишкектин экономикалык потенциалын кеңейтебиз, анын өсүшү боюнча чараларды көрөбүз, атап айтканда төмөнкүлөр:
  • Жаңы заманбап ишканаларды ачуу, өлкө өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү, кичи жана ири ишкердикти өнүктүрүү менен бирге жаш ишкерлер үчүн "Салыктык каникул" киргизүү.
  • Майыптарды колдоонун чараларын көрүү, оор кырдаалга учураган же социалдык опурталдуу абалдагы жарандардын социалдык адаптациясын камсыздоо.
  • Жаңы бала бакчаларды ачуу үчүн бир кыйла жеңилирээк шарттар түзүлөт.
  • Төрт жылдын ичинде саламаттык сактоо мекемелеринде капиталдык ремонт жүргүзүү.
  • Жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүү, жаңы светофорлорду, белгилерди, белгилерди орнотуу.
  • Экинчи орундагы маанилүү көчөлөргө, тар көчөлөргө электр жарыгын берүү.
  • Аялдамаларга ал жерден өтүүчү маршруттардын номерлери жана башка пайдалуу маалымат көрсөтүлүүчү жана Бишкек шаарынын картасы бар маалымат берүүчү стенддерди орнотуу.
  • Жол жээгиндеги сейилдөө аймактарын куруу.
  • Түн жарымга чейин иштеген шаардыктарды колдоо максатында түнкү каттамдарды киргизүү. Шаардын борборунан узак жайгашкан райондорго жана шаардын сыртына баруучу каттамдарды түзүү.

"Кыргызстан" партиясы шайлоодо акыркы орунду ээлегендиги менен убада берүү жаатында алдына ат салдырган эмес. Жомоктогу кыялдар десек жарашчудай. 

  • Бишкек шаарына бардык шарттары каралган 50 миң көрүүчүгө ылайыкташтырылган стадион курабыз.
  • Борборго 25 миң көрүүчү эс ала турган заманбап концерттик зал куруп, ал жерде ири көңүл ачуучу кечелердин, фестиваль, сынактардын өтүүсүнө шарт түзөбүз.
  • Токмок — Бишкек — Кара-Балта каттамындагы жогорку ылдамдыктагы электропоезд жүргүзөбүз.
  • 5000 короого жарык жана видео камераларды орнотобуз. 
  • Он беш жер алды менен өтүүчү өтмөктөрдү курабыз;
  • Шаар боюнча 750 жөө өткөөл белгилерин сапаттуу жасап, чийип чыгабыз.
  • Мурдагыдай токой бак-дарактарын отургузбай, урбан-ландшафт дарактарынын атайын сортун отургузабыз.
  • Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруп, таштанды тазалоону жеке жактарга беребиз.
  • Бишкек үчүн бери дегенде бардык шарттары бар, экологиялык жактан коопсуз 500 троллейбус менен автобус сатып алабыз. Бул үчүн атайын муниципалдык автопарк уюштурулат.
  • Бардык шаар жүргүнчүлөрү үчүн коомдук-муниципалдык транспорт БЕКЕР!
  • Орус тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн бекер окутуу борборун ачабыз.

Мына, урматтуу окурман. Назарыңызга партиялардын убадаларын тизмектедик. Ушул партиялар Бишкек шаардык кеңешке өткөндүктөн, убадалардын чекесинен чертип туруп, "аткаргыла" десеңиз жарашат. Же болбосо Sputnik Кыргызстан агенттиги аркылуу убадалардын "аткарылышына" көз салып туруңуздар.

Партиялар Бишкек шаардык кеңештеги орун үчүн канча каражат короткону тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0