Өкмөт башчы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарынын абалын текшерди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын жаңылоо иштери менен таанышты
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын жаңылоо иштери менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда өткөрүү пунктарындагы объектилердин негизги курулуш жумуштары аяктады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарын жаңылоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, өкмөт башчы "Токмок" жана "Кең-Булуң" пункттарынын курулушу жана реконструкцияланышы менен таанышып, өткөрүү пункттары эл аралык стандарттарга жооп бериши керектигин белгиледи.

"Жарандардын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн тийиштүү шарттар каралышы керек, мамлекеттик чек арадан өтүүдө жарандардын чек ара кызматкерлери менен байланышын чектөө үчүн чек арадан өткөрүүнүн автоматташтырылган эсеп тутуму киргизилиши тийиш", — деди өкмөт башчы. 

Учурда өткөрүү пунктарындагы объектилердин негизги жумуштары аяктап калды.

Эске салсак, буга чейин өкмөт башчы чек ара инфраструктурасын жакшыртуу максатында "Токмок", "Кең-Булуң", "Чалдыбар" жана "Актилек" пункттарын жаңылоону тапшырган. Бул багытта республикалык бюджеттен 72 миллион сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0