Коомдук жайларда ичимдик ичкендерге жаза 10 эсеге күчөтүлөт

© Sputnik / Егор Гавриленко / Медиабанкка өтүүРаспитие пива на улицах
Распитие пива на улицах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки 100-300 сомдук айыпты 1000-3000 сом кылып көбөйтүү сунушталууда.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште коомдук тартипти бузганы үчүн административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү демилгеси сунушталды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Бүгүн Жогорку Кеӊеште "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

"Демилгечилер коомдук жайларда, атайын белгиленбеген жерлерде ичимдик ичкен адамдар көп кездеше баштаганын белгилейт. Ал эми балдар жаштайынан тартып мындай абалды кадыресе көрүнүш катары карай башташты. Ошондон улам административдик айып өлчөмүн кескин көтөрүү чаралары сунушталууда", — деп жазылат маалыматта. 

Коомдук жерлерде алкоголдук ичимдиктерди ичүү, ошондой эле мас абалында жүргөндүгү үчүн жазалоону оорлотуу пландаштырылууда. 

Ошентип мыйзам долбоорунда аларга азыркы 100-300 сомдун чегиндеги айыптын өлчөмүн 1000ден 3000ге чейин, жаштар тарабынан укук бузгандыгы үчүн алардын ата-энелесине азыркы 100дөн 200 сомдон 2000ден 3000 сомго чейин, жашы жетелек балдарды терс жүрүм-турумдарга тартканы үчүн азыркы 1000-2000 сомдон 5000-10000 сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0