"Төрт шаурмадан бир мышык чыгат", — деп айтылган тамашага азыр эч ким деле күлбөй калгандай. Анткен менен баарыбыз эле тез шамшум эте калган, эл арасында "фастфуд" деп аталган тамакка ишенбөөчүлүк менен карасак деле, баары бир сатып ала беребиз. Бишкекте сатылган гамбургерлер канчалык деңгээлде таза? Муну Sputnik кабарчысы Асель Миңбаева териштирип көрдү.
2gis.kg деп аталган шаардык маалымат кызматынын маалыматтарына караганда, Бишкекте тез эле шам-шум этип ала турган 140ка жакын жай бар. Ресторатор Евгений Тяндын айтымына караганда, борбор калаада коомдук тамактануучу жайлардын эки түрү — көз жоосун алган тойканалар менен үнөмдүү фастфуддардын күнү эч качан бүтпөйт.
"Бишкекте шам-шум этип алууну уюштурган жайлар азыр абдан гүлдөп өнүгүп кеткен. Кыргызстанда дүйнөлүк бренд менен белгилүү болгон тез татым жайлары ачылып жатат. Жакында KFC фирмасынын үч жайы пайда болот, буга чейин Starbucks да ачыла турган болгон. Себеби, тез татым — күйүп кетүү тобокелдиги аз, бирок аз акча салынып, жоготуусу төмөн болгон бизнес", — деди Тян.
Анын айтымында, бул иште ар бир тыйынды санаш керек. Кээде ишкерлер коопсуздукка жумашала турган акчаны (чыгым) кесип сала беришет.
Sputnik атыңарды айтпайбыз деген келишим менен буга чейин бургер саткан жайларда иштеген кызматкерлерин кепке тартып, алардын айтып бергендерин укту.
Мен Бишкекте жайылган тез татымдардын биринде иштегем. Андан бери төрт жыл өттү. Балким ал жакта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, билбейм. Мен кызматчыларды цехтен алып кетчүмүн. Ал цехте гамбургерлердин булочкалары, эттери жана салаттары даярдалып, бардык түйүндөргө таратылат.
Ал жайдагы келемиштер мени ачуулантты. Ачыктык үчүн кечирим сурайм, ажатканага бара жатсаң кадимкидей жол талашат. Адамдан коркуп да койбойт. Таштанды таштоочу челектер цехтин жака белинде эле, 10-15 метр ары жагында эле турат. Тазалык дээрлик жок десе болот. Анан да этти колдору да, унаасы да кир айдоочу алып келет. Албетте, унаада муздаткыч деген түшүнүк жок.
Баарыбыз цехке башкы коридор аркылуу кирчүбүз. Ал жерде майлар тургандыктан жолго төгүлүп, тайгак болуп калган. Ал жерди айда-жылда бир тазалашчу.
Албетте, сатыкка чыккан гамбургерлер таза, кооз жана табитти ачып турат. Бирок менин пикиримде анын тазалыгы күмөн туудурат.
Жок, санитардык китепче менде жок болчу. Негизи ансыз жумушка алышпайт, бирок стажировка учурунда китепче талап кылынбайт.
Бардыгы таза эле болчу. Катуу көзөмөлдө турчубуз. Мөөнөтүнөн өткөн нерсенин бардыгын ыргытчубуз. Жашылчалардын жалбырагы бир аз саргайып калса ойлонбостон арылчу элек. "Эскирген нерселерди байкасаңар ыргыткыла" деп эскертип турушчу.
Негизи көп нерсе ошол жерде иштеген кызматкерлерге көз каранды. Аларга көз салынганы менен 24 саат бою текшерип туруу мүмкүн эмес. Кээ бирлери тазалыкты сактабайт. Колдорун жуубастан бир нерсени туурап киришет. Бирок кызматкерлер кол кап кийишет.
Павильондо канализация жок. Бирок кызматкерлер үчүн кол жуучу жай бар. Андагы кир сууну күнүгө машина менен келип алып кетишчү. Тилекке каршы, колду муздак сууга жуучубуз. Ар дайым самын дагы боло бербейт. Бул өтө жаман!
Менин кетишиме бир окуя себеп болгон. Газ түгөнүп калып жаңы газ баллон керек болуп калды. Ал аябай оор эле. Ага карабастан үч кыз болуп жолдон павильонго чейин эптеп көтөрүп киргенбиз.
Бир кызыбыз чыдабай кетип арыкка жыгылып кетти. Жетекчибиз келип Тез жардам чакырбастан үйүнө барууга уруксат берди. Мен абдан таң калдым! Компенсация тууралуу сөз дагы болгон жок.
Мен цехте ашпозчу болуп иштедим. Алгач наабайканачы болуп киргем. Сиздер кооз сүрөттөрдү, павильондогу кызматкерлердин колундагы кол каптарды көрүп санитардык нормалар сакталып жатат деп ойлосоңуздар керек. Бирок андай эмес.
Чындыгында бардык булочка, салат жана котлеттер павильондо эмес атайын цехтерде жасалат.
Биздин норма мындай: 15,5 килограмм ундан 570 булочка жасаш керек. Булочка көөп турушу үчүн ачыткы керектүү нормадан көп кошулат.
Ун кээде каптан төгүлүп калат. Наабайчы 570 булочка жасабаса ага айып салынат. Эч ким айлык маянасынын кесилип калышын каалабайт. Ошондуктан полго түшкөн унду кошо беришет.
Дагы бир кызыктуу учур — бул салат жалбырактары. Ооба, алардын ар бири жуулат бирок тыкыр тазаланат деп айта албайм.
Идиштер таза жуулбайт, анда тамактын калдыктары катып идиш жуугуч каражаттардын жыты уруп турат.
Тоок тоңдурулган түрдө алынып келинет. Музду ээритиш үчүн жок дегенде бир күн турат. Кээде эт көпкө туруп калгандыктан бузулуп кетчү. Бирок буга карабастан продуктудан тамак жасала берет.
Бардык эт азыктары эт туурагычтан өтөт. Ал күн сайын иштейт. Сменанын акырында эт туурагыч салфетка же чүпүрөк менен эле сүртүлүп, бир жумада бир эле ирет жуулат.
Жума сайын чогулуш өтүп, анда сөзсүз бирөө тил угат. Айлык маяна салынган айыптардын айынан кыскартыла берет. Бир жолу бухгалтерден "эмне үчүн айлыкты кесе бересиңер" деп сурасам, "антпесек биздин айлык кесилет" деп жооп берди. Кызматкерлерге мындай нерсе албетте жакпайт. Ошондуктан айрымдар өч алуу жолдорун издеп баштайт.
Көчөдө сатылган шаурманын зыяндуулугу менен эч кимди таң калтыра албайсың.
Ошондуктан Sputnik агенттиги Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен бирге Бишкектеги белгилүү беш соода маркасындагы гамбургерлер канчалык деңгээлде коопсуз экендигин текшерүүнү чечти. Аталган маркага Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Begemot, "Антошка", "Домино", Nathan's, "Евразия" тандалган.
Азыкты тандоо процесси тиешелүү эрежелер менен ишке ашты. Сатып алууда Sputnik командасы менен бирге Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев катышкан.
Гамбургерлер сатып алынаар замат атайын кичинекей муздаткычка салынып түз эле лабораторияга жөнөтүлгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыктары таң калтырды: текшерүүдө беш соода марканын ичинен Nathan's аттуу марка гана өттү.
Begemot, "Антошка", "Домино", "Евразия" аттуу компаниялардын төрт гамбургеринен ичеги таякчалар бактериялар тобу табылды. Ошондой эле "Антошка" гамбургеринен сырткары азыктарда Escherichia coli патогендик микробу чыкты.
Азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаевдин айтымында, бул гамбургерлерди жегенге болбойт.
"Аталган гамбургерлерди жегенден кийин анын таасири ар кандай болушу мүмкүн. Ашказан кырылдагандан баштап ууланууга чейин барышы мүмкүн. Мындай учурда дарыгердин жардамы керек болот. Бардыгы бейтаптын ден соолугунун абалына жана жашына көз каранды. Кандай гана болбосун, мындай бактериялардын тамак-аш азыктарында болбошу керек", — деди ал.
Экинчиден, кызматкерлердин өздөрү гигиенаны сактабай азык даярдагандары себеп болот.
"Көбү атайын кийим кийбей эле иштей беришет. Мисалы, баштарына баш кийим, бир жолу колдонулган кол каптарды кийишпейт. Алардын канчалык деңгээлде колдорун жууп тургандыгы белгисиз. Көптөгөн павильондордо кол жууган жерлери дагы жок", — деди Базарбаев.
Sputnik аталган компаниялардын баарына кимдин азыгы нормага жооп бергендигин, кайсынысында кандай кемчиликтер болгонун айтып суроо жөнөткөн.
"Антошка" жана "Домино" бул суроодон баш тартты.
Begemot компаниясынын администрациясы болсо продукцияны мурда лабораториялык изилдөөлөргө текшертип тургандарын, бирок көптөгөн жылдардан бери нормага жооп бергенин айтышты.
"Сиздердин маалымат биз үчүн абдан баалуу. Бул боюнча сөзсүз керектүү чараларды көрөбүз", — деп айтылат маалыматта.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин корреспонденти менен "Евразия" компаниясынын жетекчиси Гузаль Асанова байланышты. Ал кардарлардын алдында кечирим сурады.
"Мен биздин азыктарды сатып алып жаткан бардык кардарлардан кечирим сурайм. Изилдөө болгон учурда мен башка жерде болчумун. Балким, адистер бир нерсени карабай калышкан, же этти жакшы куурубай коюшкан. Биз бул боюнча сөзсүз кемчиликтерди аныктап, аны оңдойбуз!", — деп сөз берди Асанова.
Ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына Domino тез татым тармагынын башкы директору Назгүл Үмөтова түзүлгөн абал боюнча жеке түшүндүрмө берүү үчүн келди. Ал өз сөзүндө азыркыга чейин экспертизанын жыйынтыктарына ишенбей турганын айтты.
"Сиздер каалаган күнү келип өндүрүштү көрүп кетсеңиздер болот. Ал жакта бардыгы чын көңүлдөн жасалып жатканын байкайсыздар! Бардык жеткирүүчүлөр менен бизде келишим бар. Эң мыкты делген эттерди сатып алабыз", — деди Үмөтова.
Ал ошондой эле Sputnik агенттигинин иликтөөсүнө чейин атайын текшерген органдар да анализдерди алып, анда эч кандай эреже бузуу жок экенин аныкташканын баса белгиледи.
"Бул жерде адамдык фактордун таасири болушу мүмкүн. Биз контролду сөзсүз түрдө күчөтөбүз. Деген менен биздеги талаптар ансыз деле катуу коюлган. Күн сайын тез татым жайларыбызды кыдырып текшерген өзүнчө адамыбыз бар. Мындан тышкары үч адам кызматкерлердин ишин камера аркылуу көзөмөлгө алып турат", — деп компаниянын жетекчиси билдирди.
Назгүл Үмөтова видеодогу цех Domino түйүнүнө эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.
Эгер сиз гамбургер жеп өзүңүздү жаман сезе баштасаңыз эмне кылуу керек? "Grosser Consult" юридикалык компаниясынын башчысы Искандер Шанчарбаев атайын Sputnik Кыргызстан үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин тизмектеп берди.
Моралдык чыгым тууралуу айтсак, ар бир жаран анын өлчөмүн өзү аныктай алат. Анткени мыйзамда анын өлчөмү белгиленген эмес, мисалга: бир сомдон жүз миллионго чейин белгилей алат.
Сот компенсациянын өлчөмүн белгилейт жана ал калыс болушу керек.
Токтогул Базарбаев мындай жагымсыз окуялардын болушун ишкерлердин киреше табуу үчүн гана иштеп, көзөмөлдөөчү органдардын ыйгарым укуктарынын азайып калгандыгынан экендигин белгилейт.
"Азыр тамактануу түйүнүн ачыш үчүн санитардык кызматтан уруксат алуу дагы кереги жок. Жергиликтүү бийликтин макулдугу эле жетет",— деди Токтогул Базарбаев.
Ресторатор Евгений Тян болсо, мындан жагымсыз окуяларга карабай тез тамактануу түйүндөрү Кыргызстанда өнүгө берээрин билдирди.
"Тез тамактануу түйүндөрү шартын жакшыртуудан баш тартууда. Азыр Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлар санитардык талаптарга жооп бербейт. Бирок мыйзамга ылайык 2017-жылдын август айынан тарта эл аралык стандарттын системасынын сапатын көзөмөлдөгөн ХАССПнын талаптарын аткарууга милдеттүү болот"— деди Тян.
Бирок адистердин пикиринде көзөмөлдү күчөтүү башка коркунучтарга алып келет. Мисалга, айрым ишкерлер каражатты түйүндөгү шартты жакшыртууга жумшап, сапаты начар азык-түлүктөрдү сатып алып, ароматизатор жана даамды күчөтүүчү заттарды пайдалана башташы ыктымал.
Эгер сиз ушул сыяктуу окуяга туш болсоңуз, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу кабарлап койсоңуз болот.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан редакциясына борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.
Анын айтымында, акцияны өткөрүүгө тыюу салуу чечимин шаардык Эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясы кабыл алды.
Кундашев эске салгандай, быйыл Бишкек шаарынын күнү (29-апрель) жана Жеңиш майрамы (9-май) массалык түрдө майрамдалбай турган болгон.
"Вирус жугузгандардын саны өсүп бара жатат. Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги май жана июнь айында коронавирустун үчүнчү толкуну болот деп божомолдоодо. Массалык иш-чараларга уруксат берип койсок, санитардык эрежелер бузулушу мүмкүн", — деди дарыгер.
Ал эми Россияда "Өлбөс полк" жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. "Улуу тоолор" басмаканасы сүрөтчү, дизайнер Айдай Асангулованын "Элечек" китебин басып чыгарганы үчүн "Китеп искусствосу" сынагынан баш байгени алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине сыйлык ээлери маалымдады.
Алардын айтымында, аталган улуттук сынак типографиялар арасында өткөрүлгөн. Басма баш байгени "Алтын мукаба" номинациясында алган. Иш-чара жылда уюштурулат.
"Элечек" китеби — сүрөтчү, дизайнер Айдай Асангулова башында турган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун көп жылдан бери чогулткан эмгегинин жыйынтыгы. Аталган фонд кыргыздын салттуу элечегин жайылтуу максатында иштеп, аялдардын баш кийимин ийне-жибине чейин изилдеп келе жатат. Аталган китепте элечектин 20 түрү, алардын келип чыгуу тарыхы менен кошо башка да салттуу кийимдер тууралуу маалыматтар бар. Эмгектеги маалыматтар көздүн жоосун алган сүрөттөр менен коштолгон. Китеп кыргыз, орус, англис тилдеринде чыккан.
Экономисттер Россия бийлиги жасаган кадамдардын шарапаты Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөсүнө да тийиши мүмкүндүгүн айтууда.
Россиядагы бензиндин баасын тизгиндөө иши ЕАЭБ өлкөлөрүнө да таасирин тийгизерин Sputnik иликтеп көрдү.
Россиянын Финансы жана Энергетика министрликтери Россиянын ички отун рыногу үчүн демпфердик механизмдин чен өлчөмдөрүн жөнгө салуу боюнча өз ара макулдашты. Бул туурасында аталган ведомствонун шейшемби күнү, 20-апрелде, биргелешип жасаган билдирүүсүндө айтылган.
1-майдан тарта ички рынок үчүн бензиндин индикативдик наркы (өкмөт аныктаган дүң баа — ред.) өзгөрүп, ал 4 миң рублге чейин түшөт. Учурда анын баасы бир тоннасына 56,3 миң сом. Мындан сырткары, 2023-жылдын 1-январынан тарта бензиндин базалык наркы жыл сайын азыркы 5 пайыздын ордуна 3 пайыздан гана индексация болуп турат.
Демпфер биринчи ирет 2019-жылы ишке кирген. Максат — 2018-жылдагы отун кризисинин кайрадан кайталанышына жол бербөө эле. Анда мунайдын дүйнөлүк рынокто кымбаттап кетишинен улам Россияда бензиндин наркы жогорулап, өкмөт нефть компаниялары менен сүйлөшүп, бааны "тоңдуруп" коюуга аргасыз болгон.
Демпфердик механизмде чет жактагы кымбат мунайдан улам нефтини кайра иштетүүчү россиялык компаниялар кенемте алат, төлөгөн салыгынын кайсы бир бөлүгү аларга кайтарып берилет. Бул төлөмдөр мунайчыларга дүйнөлүк баадан чочулабай, продукцияны ички рынокко алып келүүгө түрткү берет.
Мындай система бензиндин баасын өзүнүн чен өлчөмү менен гана көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мунайдын наркы инфляциянын жылдык деңгээлинен жогору өспөйт (2020-жылы өсүш 2,5 пайызды түзгөн, бул инфляциядан эки эсе төмөн), бирок дүйнөлүк баа ылдыйлаганда арзандабайт. Ошентип баа кескин "чайпалганда" да ички рынок корголгон боюнча калат.
Демпфердин өзү индикативдик эсеп жана сырткы рыноктогу актуалдуу баа менен каралат. Индикативдик баанын боло турган төмөндөөсү (тоннасына 56,3 миң рубль) деген нерсе, продукцияны дүйнөлүк баанын шартында ички рынокко алып келгенде мунайчылардын (компаниялар) кайра кайтарылган төлөмдү көбүрөөк алгандыгы. Sputnik собол узаткан эксперттердин пикиринде, мындай кадам Россиянын ички рыногунда бензиндин баасынын көтөрүлүшүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.
"Өкмөт кенди казууга коюлган салыкты жогорулатат. Ал арада рубль түшүп, нефть кымбаттоодо. Эгерде индикативдик бааны ылдыйлатпаганда, өлкөнүн ичине ташып келүү демпфер жасаганда деле пайдасыз болуп калмак. Андыктан муну рыноктун учурдагы шарт-абалына ылайыкташтырышты. Бензин эми арзандабай калды, бирок анын кымбатташы, кыязы, жакынкы күндөрү токтошу мүмкүн", — деген божомолун айткан Улуттук энергетика институтунун директорунун орун басары Александр Фролов.
Быйылкы жылдын башынан тарта Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде да бензиндин баасы асмандаган.
Өткөн жылы АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 2,64 пайызга, Кыргызстанда 4,3, Казакстанда 6,5, Беларуста 1,4 пайызга өскөн.
Ушул эле мезгилде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы бир литрине Арменияда 6,2 пайызга, Кыргызстанда 6, Казакстанда 7,9, Беларуста 1,16 пайызга көтөрүлгөн.
Армения менен Кыргызстандын рыногундагы мындай абал бул мамлекеттердин нефтини өз алдынча кайра иштетпегендигинен, аны Россиядан сатып алгандыгынан улам жаралган. Андыктан аталган продукциянын наркы мунайды кайра иштетүүчү россиялык заводдор берген баага байланыштуу болот.
Демпферди жөнгө салуу Россиянын рыногун тойгузушу, тагыраагы, толук камсыздашы керек. Ошондо гана Кыргызстанга бериле турган россиялык бензиндин наркынын түшүшүнө жагымдуу шарт түзүлөрүн Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирген.
"Кыргызстанда бензиндин кымбатташы Россия рыногундагы дефициттин кесепети. Россияда нефть продукцияларынын тартыштыгы байкалары менен баа бир аз көтөрүлө түшөт. Бизде да мындай көрүнүш кездешип жатат, бирок бул Кыргызстанда масштабдуу болууда. Себеби бизде демпфер жок эмеспи. Кыргызстандагы нефтетрейдерлер анча кубаттуу эмес, алардын мунайды көп көлөмдө сактап турууга шарты жок, бааны жөнгө салууга кудурети жетпейт. Демпфердин жаңы чен-өлчөмдөрү бизге да шарапатын тийгизет деп өтө ишенип турабыз. Россияда бул жаатта тартыштык жок болсо, Кыргызстан бензинди арзаныраак ала баштайт", — деп түшүндүргөн Сыдыков.
Дал ушундай эле көз карашын Кыргызстандагы Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов да билдирген. Анын айтымында, өлкөдөгү отун рыногу Россия рыногунун артынан эле ээрчийт.
"Россия продукция берген бирден-бир тарап болгондуктан, биздин рынок Россияныкынан толук көз каранды. Эгерде аларда баанын өсүшү токтосо, бир нече жума айырма менен бизде да ошондой абал болуп, турукташат. Россиялык заводдор пайдалуу кенди казганы үчүн ири салыктарды төлөгөндүктөн, жыл башынан тарта бензиндин сатык баасы 4-6 пайызга өсүп кетти. Эгерде салыкчылар көбүрөөк акча кайтарып берсе, мунайды кайра иштеткен заводдор продукцияны бир аз арзаныраак сата баштайт", — деген Эшатов.
Арменияда деле ушундай абал. Республиканын рыногундагы отун продукцияларынын баасын Кыргызстандагыдай эле факторлор аныктап жатат. Алар да мунайда кайра иштете албагандыктан Россиядан келе турган нефтиге көз каранды болуп отурат.
Ал эми Казакстанда абал, тескерисинче, жергиликтүү кубаттуулуктан улам отунга болгон бардык муктаждыктарын жаап алган. Эгерде 2018-жылга чейин ачык түстөгү мунай заттарын (бензин, керосин жана дизель – Sputnik) Россиядан арбыныраак, 500 миңден 1 миллион тоннага чейин алып турган. Бирок кийинки убакта кадыресе азайтканын (2019-жылы 20 миң тоннага жакын, ал эми 2020-жылы 2 миң тоннанын тегерегинде) экономикалык баяндамачы Сергей Домнин айтып берди.
"Казакстан менен Россиянын экономикасындагы, нефть рынокторундагы өз ара байланыштарга жана жалпы чек арага карабастан обочолонуп турат. Өлкөлөрдө мунай зат боюнча рыноктун ар башка схемадагы иши, кайра иштеп чыгуудагы баалардын ар түрдүү болушу, акциз төлөмдөрү жана бензиндин чекене баасы ар башка. Казакстанда бензин ички факторлордон улам кымбаттоодо (мунай заттары менен нефтинин экспортунун көбөйүшү, салыктын өсүшү — ред.). Андыктан Россия рыногундагы кырдаал бизге таасирин тийгизе албайт", — деп эсептейт Домнин.
Россиядагы демпфер Беларустагы бензиндин кымбатташын токтото алышы арсар. Республика продукцияны мунайды кайра иштетүүчү эки заводдон чыгарат. Алар ички муктаждыкты канааттандыра турган көлөмдө (ал тургай экспортту да) гана өндүрөт.
Январдан февралга чейин 1,68 миллион тонна мунай продукцияларын сыртка саткан. Бул былтыркыга караганда 2,3 эсе көп. Ири импортёрлор Украина (546,5 миң тонна), Европа биримдиги (940,2 миң тонна) жана Улуу Британия (138,7 миң тонна) болгон.
Беларусь стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Алексей Авдониндин айтымына караганда, аларда бензиндин кымбаттап кетишине мунай заттарынын дүйнөлүк кымбаттоосу таасир этти. Ал эми Россиядагы демпферди жөнгө салуу бул тенденцияны өзгөртө албайт.
Россиянын вице-премьери Александр Новактын суроо-талап кайнап турган учурда бензиндин сыртка чыгарууга тыюу салынбайт деген билдирүүсү Россиянын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрүнүн абайлаган оптимизмин жандандырышы мүмкүн.
"Бул маселени жакында талкуулайбыз. Энергетика, Экономикалык өнүгүү министрликтеринин, Монополияга каршы федералдык кызматтын сунуштарын угуп, чечимди биргелешип кабыл алабыз. Себеби анын терс таасирлери болушу мүмкүн, тагыраагы, компаниялар өндүрүш көлөмүн төмөндөтүп жибериши ыктымал", — деп айтканын "Интерфакс" агенттиги жазган.
ЕАЭБ мамлекеттерине мындай тыюу салуу киреби же жокпу Новак так айткан жок.
Sputnik сурамжылаган эксперттердин пикиринде, экспорттук кандай гана чектөөлөр болбосун соңку жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй Бажы биримдигинин курамындагы мамлекеттерге тиешелүү болбойт.
Мындай болгон учурда Армения менен Кыргызстанга бериле турган бензиндин көлөмү азайбастан, көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында демпфердин жаңыланышы менен кош натыйжа болуп, отун рыногу толот. Бул — бензинди эң акыркы болуп колдонгондордун чөнтөгүнө, тагыраагы, бензиндин баасына оң таасирин тийгизет.