Бишкектин көчөсүнө жол көрсөткүч орноткон активистке айып пул салынмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка дорожных указателей активистами в Бишкеке
Установка дорожных указателей активистами в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже боюнча айдоочулар үчүн орнотулган жол белгинин үстүнө жол көрсөткүч эмес, башка нерсе коюуга да жол берилбейт. Эгерден активист уруксат алып сүйлөшүү жолу менен орноткондо мындай көрүнүш болмок эмес экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Активист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди. 

Белгилей кетсек, Садыбакасов жеке демилгеси менен Бишкектин Токтогул көчөсүнө жол көрсөткүчтөрүн орноткону тууралуу Facebook баракчасына жазып чыккан. Ал "биздин мындай кадамды мэрия вандализм катары кабыл албаса эле болду" деген.

© Sputnik / Табылды КадырбековАктивист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат.
Активист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Активист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкекасфальтсервис ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.
1/2
Активист Атай Садыбакасов тарабынан Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнө орнотулган жол көрсөткүчтөр алынып жатат.
2/2
Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуров билдирди.

"Эреже боюнча айдоочулар үчүн орнотулган жол белгинин үстүнө жол көрсөткүч эмес, башка нерсени да коюуга жол берилбейт. Себеби айдоочу менен жөө жүргүнчүнүн көңүлүн башка нерсе бурбашы керек. Бул нерсе жарандардын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Ошондуктан өзүм билемдик кылып орнотулган жол көрсөткүчтөрдү алып салуу чечими чыкты", — деп билдирди Амантуров. 

Жол белгилери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ар бир үчүнчү жол белги алмаштырылууга тийиш
Анын айтымына караганда, Садыбакасов мындай кадамы үчүн айып төлөшү керек болот. 

"Бул жигит биздин чыгымдын бардыгын төлөйт. Эгер жол белги турган түркүктөр тешилип калган болсо ар бир түркүк үчүн 3-6 миң сом төлөшү керек болот. Эгер тешилбеген болсо, анда ар бир кызматкердин ишине жана башка чыгымдарга эки миңден төлөп калышы ыктымал. Бирок так сумманы азырынча айта албайм, жеринде комиссия иштеп жатат", — деди Амантуров. 

Ал ошондой эле жол көрсөткүчтөр атайын мекеменин уруксаты менен гана коюулуусу керек экенин баса белгиледи.

"Жол белгилерди керек болсо "Бишкекасфальтсервис" да кое албайт. Ал үчүн Кайгуул милиция башкармалыгына караштуу жол көзөмөл башкармалыгы тарабынан берилген уруксат кагазы керек. Ар ким өзүм билемдик кыла берсе шаарыбыз эмне болуп калат?" — деди Амантуров. 

Ал белгилегендей эреже боюнча жол көрсөткүчтөр жол белгинин үстүнө эмес, үйлөрдүн капталдарына орнотулуп келет. 

Амантуров эгерде активист уруксат алып сүйлөшүү жолу менен орноткондо мындай көрүнүш болмок эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0