Жалал-Абадда имамдар билимин жогорулатып жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКак кыргызстанцы провели Кадыр тун
Как кыргызстанцы провели Кадыр тун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинар "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. Жалал-Абадда 120 имам квалификациясын жогорулатуу боюнча семинардан өтүп жатканын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

АКШнын Вашингтондогу Ак үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак үй өкүлү коомчулукту мусулмандардан артыкча шек санай бербөөгө чакырды
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында дин кызматкерлери фыкх, хадис, ислам тарыхы, пайгамбарлар тарыхы, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, акыйда, куран, иш кагаздары, имамдардын этикасы жана риторика боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушат. 

Семинарга Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жейналиев, Кара-Балта шаарындагы Ислам институтунун жетекчиси Садибакас Доолов сабак беришип, тажрыйба бөлүшөт. 

Эскерте кетсек, аталган семинар "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0