Окумуштуулар: улгайганда жашоодон ырахат алуу өмүрдү узартат

© Sputnik / Табылды КадырбековНарод Кыргызстана в фото — Нарынская область
Народ Кыргызстана в фото — Нарынская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар 10 миңдеген британ тургундарынын жашоосун жана алардын ден соолугун байкап жатып ушундай жыйынтыкка келишкен.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Улгайган убакта ырахат алып жашоо өмүрдү узартат. Бул тууралуу BMJ журналына шилтеме кылып РИА Новости билдирди. 

"Биз мунун себебин так айта албайбыз. Бирок чыккан жыйынтыктар адам канчалык өзүн жакшы сезсе, ошончолук өмүрү узун болору далилденди. Ошого ылайык, жогору же төмөн деңгээлдеги бакыт жашоонун узактыгына кыйла таасир этери ачыкка чыкты", — деп түшүндүрөт Лондон университетинин колледжинен Эндрю Стэпто.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар инфарктты 5 жыл мурда биле турган тест түзүп чыгышты
Маалыматка ылайык, Степто жана анын кесиптештери 10 миңдеген британ тургундарынын жашоосун жана алардын ден соолугун байкап жатып ушундай чечимге келишкен. 

2002-жылы эксперименттин башталышында катышуучулардын эң кичүүсү 50 жашта болчу. Дарыгерлер 14 жыл бою алардын жашоосун, кайсы убакта жакшы же жаман сезгендерин көзөмөлдөп турушкан.

Бул убакыттын ичинде эксперименттин катышуучуларынын ичинен 1,3 миң адам каза болгон. 

Экспериментте өзүнүн жашоосуна ыраазы болгондордун ичинен азыраагы каза болгон. Ал эми жашоосунда өзүн бактысызмын деп эсептеген катышуучулардын көбү көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0