БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Социалдык тармакта №47 колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга китеп чогултуу акциясы башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине активист Айбек Таалайбеков билдирди.
Анын айтымында, колонияда китеп дээрлик жокко эсе.
"Тилекке каршы, абактагы китептер эскирип калган. Көпчүлүгүбүздүн үйүбүздө окулбай жаткан китептер толтура. Ошолорду берсек жакшы болмок. Менин демилгем кызыктай туюлушу мүмкүн, бирок жашоодо баары болот. Андыктан китеп окуу жан дүйнөдөгү боштукту толуктайт", — деди активист.
Ал китеп берем дегендерге жеке өзү барууга даяр экендигин кошумчалады.