Экс-президенттин уулу орноткон жол көрсөткүчтөр алына элек

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук активист Атай Садыбакасов орноткон жол көрсөткүчтөр
Коомдук активист Атай Садыбакасов орноткон жол көрсөткүчтөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президенттин уулу орноткон жол көрсөткүчтөр алына элек

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Экс-президент Роза Отунбаеванын уулу, коомдук активист Атай Садыбакасов орноткон жол көрсөткүчтөр али алына электигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өз алдынча орнотулган жол көрсөткүчтөр мамлекеттик стандартка туура келбегендиктен алына турганын "Бишкекасфальтсервис" буга чейин билдирген эле. Эгер жол көрсөткүч орнотулган такталарга зыян келе турган болсо Садыбакасовго айып салына турганы айтылган. 

"Бишкек ШИИБ Кайгуул милициясына жол көрсөткүчтөрдү алуу боюнча тапшырма берген", — деп "Бишкекасфальтсервис" ишканасынан билдиришти.

Кайгуул милициясы жол белгилери орнотулган атайын түркүктөргө кошумча белгилерди орнотууга болбой турганын түшүндүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0