БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Москва — Бишкек авиакаттамынын баасы 69 доллар 70 цент турат. Бул тууралуу "Эйр Манас" компаниясы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 20-декабрында биринчи жолу эл аралык "Манас" аэропортунан "Жуковский" аэропортуна учак уча баштайт. Кыргызстандык авиакомпания жумасына жети жолу аталган каттамды аткаруу укугуна ээ болду.
"Бишкек — Москва авиакаттамы боюнча билет баасы 79,99 доллар болот. Ал эми Москва — Бишкек каттамынын наркы 69,7 долларга бааланды. Ошентип Москвага учуп барып кайра Бишкекке келүү 150 долларды түзөт", — деп жазылат маалыматта.
Бишкектен каттай турган учак жергиликтүү убакыт боюнча 19:30да учуп, Москвада 21:10до конушу пландалууда. Каттам февраль айына чейин жумасына эки жолу учса, андан кийин каттамдар көбөйө баштайт.
"Жуковский" аэропорту Москва шаарынын борборунан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аэропортун учуп-конуу тилкеси 5,5 чакырым болуп, Европадагы эң узун тилке болуп эсептелет.