БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына орнотулган жаңы жылдык балатыны кооздоого Чүйдүн Беловодск айылындагы писхоневрологиялык интернатта тарбияланган балдар да катышканын мэрия билдирди.
Эскерте кетсек, жаңы жылдык балаты борбордук аянтка 4-декабрда орнотулуп, учурда аны кооздоо иштери жүрүп жатат. Майрамдын башкы атрибуту 19-декабрда отун жандырат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Талас менен Нарында менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Таластын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жайыт жерлеринин 16 гектарын А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.
Эки факты тең Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө. Жер тилкелери мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды.
Электромобилдердин чыгымы кадимки унаалардан 50-70 пайызга аз. Тактап айтканда, бензинге кетирген акчанын ушунча көлөмүн үнөмдөп калууга болот. Бул тууралуу Дастан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында 200дөй электромобиль айдоочулары бар.
"Электромобилдер шаар ичинде айдоого абдан ыңгайлуу. Биринчиден, экологиялык жактан таза жана күйүүчү майга болгон чыгымды үнөмдөйт. Мисалы, автоунааны 100 чакырымга айдап баруу үчүн 500-700 сом каражат жумшалат. Ал эми электромобиль менен ушул эле аралыкка 10-11 сом коротуп, жетип алууга мүмкүн. Мен өзүм аталган унаанын айдоочусумун. Бизде көпчүлүк адамдар алыс жолго чыга албай калабыз деп кооптонушат. Бирок мен бир жолу кубаттап алып, электр унаам менен Балыкчыга чейин жетип алам", — деди Чаргынов.
Ал ошондой эле электромобилдер коопсуздук жагынан кадимки автоунаалардан кем калбай тургандыгын кошумчалады.