Балатыны жандыруу маалында көчөлөр жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолду тосуп турган кайгуул кызматкерлери. Архив
Жолду тосуп турган кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатыны жандыруу аземинен улам Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бүгүн "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатыны жандыруу аземинде Бишкектин айрым көчөлөрү жабыла турганын мэрия билдирди.

Эскерте кетсек, кечки саат 7де башкы балатынын оту расмий күйүп, салтанат концерт жана флешмоб менен коштолмокчу. 

Маалыматка ылайык, балатыны жандыруу аземинен улам саат 18.00дөн 21.00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот.

Кыргызстандын башкы балатысы кантип жанганын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0