Өкмөт Москвада өрттөнгөн басмаканадан элди куткаргандарды грамота менен сыйлайт

© AFP / VASILY MAXIMOVПожар на складе в Москве
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен маркум кыз-келиндердин үй-бүлөлөрүнө 300 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөө чечими чыккан.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өкмөт жайында Москвада өрттөнгөн басмаканадан элди куткарып калгандарды ардак грамота менен сыйламай болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Награждение двух студентов, спасших 6 человек  во время крупного ДТП в тоннеле Тоо-Ашуу - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Төө-Ашуудагы тоннелде кырсыкка кабылгандарды сактаган студенттерди сыйлады
Эскерте кетсек, 27-август күнү Москва шаарындагы "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада өрт чыгып, кырсыктан 14 кыргызстандык кыз-келин каза болгон. Анын кесепетинен 11 бала жетим калган. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев өрткө кабылгандарды куткарууга катышкан жарандарды сыйлоо боюнча өкмөткө тапшырма берген. Мындан улам Тышкы иштер министрлиги, ӨКМ жана Ички иштер министрлиги тарабынан куткаруу иштерине катышкан адамдарды ЖМКлар аркылуу тактоо, аныктоо иштери жүргөн.

Натыйжада өкмөттүн ардак грамотасы менен төмөнкү адамдар сыйланмай болду:

  • Абдыгапар уулу Азизбек
  • Алимбек уулу Маматсабыр;
  • Азамат Ахматов;
  • Александр Борисов;
  • Махамат Заиров;
  • Юрий Лугвин;
  • Марип уулу Таалайбек;
  • Урматбек уулу Жоомарт;
  • Александр Хван;
  • Аширбек Шакиров.

Жаңылыктар түрмөгү
0