Бишкектиктер коммуналдык көйгөйлөрдү WhatsApp аркылуу билдире алат

© Sputnik / Табылды КадырбековWhatsApp аркылуу таштанды тууралуу кабарлап жаткан колдонуучу. Архив
WhatsApp аркылуу таштанды тууралуу кабарлап жаткан колдонуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кышында жай мезгилине салыштырмалуу авариялык абал арбын кездешкендиктен тынымсыз байланыш линиялары ишке кирген.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургундары коммуналдык кызматтарга байланыштуу көйгөйлөрдү атайын WhatsApp каналы аркылуу билдире алышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кыш мезгилинде жылуулук, газ, ысык суу жана электр энергиясын колдонуу күч алгандыктан авариялык кырдаалдар көп кездешери маалыматта белгиленген. 

"Мындан улам коммуналдык кызматтарга байланыштуу көйгөйлөр жаралганда диспетчердик кызматтарга, коммуналдык ишканаларга, коммуналдык ишканалардын тынымсыз байланыш линиясына кайрылуу сунушталат", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле төмөнкү WhatsApp номерлери аркылуу да байланышка чыгып, билдирме калтырса болот. 

  • Аскат Карынбаев (Ленин району) — 0557 997 927;
  • Таалайбек Акматбаев (Октябрь району) — 0554 955 509;
  • Руслан Шарапов (Биринчи Май району) — 0558 336 640;
  • Марат Матмусаев (Свердлов району) — 0555 447 154. 

Бардык суроолор боюнча билдирмелер күнү-түнү иштөөчү 185 жана 1840 номурлары аркылуу кабыл алынат. Ошондой эле сүрөттөрдү 0554 —182-185 WhatsApp номуруна жиберсе болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0