Роухани: Иран Кыргызстан менен виза режимин жокко чыгарууну колдойт

© Sputnik / Табылды КадырбековОфициальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР
Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Иран мамлекеттеринин башчылары кеңири чөйрөдө жолугуп, эки тараптуу кызматташууну арттыра турган бир катар келишимдерге кол койду.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Эки мамлекет ортосундагы виза режиминин жокко чыгарылышын Иран дагы колдой турганын Хасан Роухани Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда өткөн маалымат жыйында билдирди. 

Официальный визит президента Ирана Хасана Роухани в КР - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев менен Роухани экономика, виза жана терроризм боюнча сүйлөшүштү
Роухани виза биринчи кезекте ишкерлерге, жумуш ордун камсыз кылып жаткан тараптарга жана туристтерге берилиши керектигин баса белгиледи. 

Ал ошондой эле Иран Кыргызстанга маалымат технологиясы, фармацевтика жаатында колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты. 

Роухани өз сөзүндө Кытай — Өзбекстан — Кыргызстан —Түркмөнстан темир жолунун курулушунун маанилүүлүгүн белгилеп, аталган өлкөлөр Иран аркылуу Перс булуңуна чыгууга мүмкүнчүлүк ала турганын айтты. 

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өз кезегинде Иран ШКУга мүчө болсо, аталган уюмдун баркы мындан дагы артарын айтты. 

Эске салсак, Ирандын президенти Хасан Роухани 22-декабрда Кыргызстанга иш сапары менен келген. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев тосуп алган. 

Иран президентинин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу жана кыргыз-иран бизнес-форумуна катышуусу күтүлүп жатат.

Манас: чалма жана тебетейчен президенттер. Атамбаев менен Роухани жылуу көрүштү - Sputnik Кыргызстан
"Манас": чалма жана тебетейчен президенттер. Атамбаев менен Роухани жылуу көрүштү
КР Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматы боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы дипломатиялык байланыштар 1992-жылы 10-майда түзүлгөн. 1993-жылы Бишкек шаарында Ирандын элчилиги ачылса, 1996-жылы март айында Тегеран шаарында Кыргызстанды элчилиги ачылган. Ал эми 2002-жылы Бишкекте эки мамлекеттин ортосундагы достук мамиле тууралуу декларациягы кол коюлган. 

Алмазбек Атамбаев Иранга акыркы жолу 2015-жылы сентябрда барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0