Мамкаттоо жаңы паспорттор кандай болорун көрсөттү

© Фото / пресс-служба ГРСМамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун эскиздери менен ведомствонун 2018-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын Донордук коомчулукка сунуштады
Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун эскиздери менен ведомствонун 2018-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын Донордук коомчулукка сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн автоматтык маалыматтык система электрондук өкмөттүн куралы болуп эсептелет.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорттордун эскиздери менен ведомствонун 2018-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын Донордук коомчулукка сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГРСБиометрикалык паспорттун эскизи
Презентация эскизов электронных биометрических паспортов - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык паспорттун эскизи

Билдирмеге караганда, Мамкаттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев 2017-жылы электрондук биометрикалык паспорттор бериле баштай турганын билдирген. 

"Жыл сайын эки миллионго жакын жаран мамлекеттик кызматтарды колдонот. Биометрикалык паспорттор ошол кызматтардын тез жана сапаттуу болушуна шарт түзөт. Биометрикалык паспорт — бул маалымат базасына болгон ачкыч. Эгер жарандын колунда ушундай ачкычы болсо мамлекеттик кызматтарды каалашынча колдоно алат. Эгер жок болсо, ар кандай справкаларды алууга аргасыз, кыскасы бюрократия жолу десек жаңылышпайбыз", — деп билдирди Сарпашев. 

Ал ошондой эле калктын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн алгылыктуу иштер жүрүп жатканын белгилеген. 

"Калктын бирдиктүү реестрин түзүү үчүн буга чейин 1 миллиард сом тартылган. Анын жыйынтыгын бүгүн өзүңүздөр көрүп турасыздар. Бүгүнкү күндө 19 автоматтык маалыматтык система ишке берилди. Ага ЗАГС, паспорт, дарек регистри, онлайн-аукцион жана башкалар кирет", — деп кошумчалаган Сарпашев. 

Түзүлгөн автоматтык маалыматтык система электрондук өкмөттүн куралы болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0