Соцтармак: Кайрат Примбердиевге үй берилсин!

© SputnikКыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев "Голос" долбоорунда. Youtube сайтынан тартылган сүрөт
Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Голос долбоорунда. Youtube сайтынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычтан улам айрымдар Кайрат Примбердиевге ыр чыгарып жиберсе, кээ бирлери үй берилсин деген сунуштарын жазып чыгышты.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Голос" телешоусунун финалына чыкты. 

Кыргызстандык күйөрмандар түн бир оокум болсо да долбоорду өткөрүп жибербейли деп Примбердиевди сүрөп турушту. Ырчынын финалга өткөнү белгилүү болгондо куттуктоолор социалдык тармактарда жаандай жаады. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги күйөрмандардын кубанычы менен тең бөлүшүп алардын пикирин топтоп чыгарууну туура көрдү. 

Түмөнбай Абдинаби уулу өкмөт менен депутаттарды кыргыздын атын чыгарган таланттарга акчалай колдоо көрсөтүүгө чакырды 

Лазат Такырбашова Примбердиевдин жеңишине сүйүнүп Дима Биланга рахмат айтты

Сейитбек Ажыканов аткаруучуга арнап ыр дагы жазып жиберген

Түн уйкуга алдырбай "Голос" шоусун көрүп отурган Мыктыбек Нурланбеков баракчасына аткаруучунун жеңишин сүйүнчүлөдү

Чет өлкөлүк Камит Савай "Москвадан эки жакшы жаңылык. Алга Кыргызстан" деп жазды

Каниет Жыргалбеков Примбердиевге үй берсе жарашарын жазып чыкты

Каныкей Жунусова Кайратка добуш берүүгө аракет жасап жатат

Мурат Жетимишбаев эки жеңишке кубанып турат

Ренат Самудинов Кайрат Примбердиев жаңы этапка өткөн сайын Дима Биланга ыраазычылык айтаарын жызды

Назира Айтбекова жеңиштерге кубанып турган чагы

Белгилей кетсек, 24-декабрга караган түнү Кайрат Примбердиев "Голос" теледолбоорунун финалына чыгып кубантса, Азия МIX командасы КВНдин Жогорку лигасында чемпион аталды. Аларды бул жеңиши менен өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев дагы куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0