Бишкек — Ош унаа жолундагы кооптуу жерлерде кар көчкүсүн түшүрүү иштери уланууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кооптуу аймактарда алты артиллериялык снаряд атылып, көлөмү 500 куб метр болгон кар көчкү түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолундагы кооптуу жерлерде кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка караганда, Генералдык штабдын артиллериялык эсеби кар көчкүсүн Бишкек — Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында жүргүзгөн. 

"Жалпысынан алты артиллериялык снаряд атылды. Анын натыйжасында жалпы көлөмү 500 куб метр болгон кар көчкү түшүрүлүп, унаа жолго жеткен эмес", — деп жазылат маалыматта. 

Кар көчкүсүн атайылап түшүрүү иштери 26-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0