Элеттиктердин элге жасаган иштери: көчөт тигип үй куруп бергенге чейин

© Фото / Эльмира СуйютбековаПостройка трехкомнатного дома для женщины с ограниченными возможностями здоровья с двумя детьми Акгул Акматалиевой
Постройка трехкомнатного дома для женщины с ограниченными возможностями здоровья с двумя детьми Акгул Акматалиевой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл айыл тургундары жакшы демилгелерди көтөрүп, айрым социалдык маселелерди чечүүгө көмөктөшө алышты. Айрымдары айылга гүл, көчөт отургузса, бир даары жетим балдарга, жетишпеген бүлөлөргө жаңы үй куруп беришти. Жыл ичинде элет жериндеги демилгечилердин жасаган иштерин Sputnik Кыргызстан тизмектегенге аракет кылды.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Айыл жеринде жашап, ал жакта күн кечирген атуулдардын бул жылы көтөргөн демилгелери ар түрдүү болду. Бири ысырапкорчулукка жол бербей кайрымдуулук кылса, дагы бири кичи мекениндеги көйгөйлөрдү чечип берди. 

Тойго эмес, жардамга муктаж жандарга

Быйыл баш кошуп, үй-бүлө куруп жаткан айрым түгөйлөр шаң-шөкөткө кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшашты. Алсак, Ош облусунун тургуну Темирлан Токоев үйлөнүү тоюнда унааларга кетире турган акчаны мектепке бара турган балдарды окуу жылына даярдады. Жаш жубайлар 30дай балага жардам көрсөтүштү. 

Ал эми Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында жаңы үйлөнгөндөр тойго кете турган чыгымга аз камсыз болгон үй-бүлөнүн 30 баласына кышкы кийим алып беришти. Көпчүлүктү кайрымдуулука шыктандырган бул окуя декабрь айынын башында болгон. 

10 жылдык, 20 жылдык… 

Мектепти аяктаганына 10, 20 жыл толгондор адатта 30-50 миң сомдон чогултуп, жакшы эле чартаңбай тебишчү. Ал эми Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылындагы мектепти 20 жыл мурун бүтүргөн класташтар эрте жазда ата-энесиз калган төрт бир тууганды үйлүү кылууну чечишкен. Теңтуштар ортого акча чогултуп, айыл өкмөттөн жер бөлдүрүп төрт наристени кубанычка бөлөштү

Ага улай Нарын районундагы Дөбөлү айылындагы Өмүр Токтосунов атындагы мектепти 10 жыл мурун бүтүп кеткен жаштар спорт зал жасап берүүгө киришкен. Ал жакта билим алып чоңойгон классташтар мектептин кароосуз калган жер төлөсүн спорт залга айландырууга 100 миң сомдон ашык каражат сарпташкан. 

© Фото / Эльмира СуйютбековаЭки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үйдүн алдында
Постройка трехкомнатного дома для женщины с ограниченными возможностями здоровья с двумя детьми Акгул Акматалиевой - Sputnik Кыргызстан
Эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үйдүн алдында

Таластын Бакай-Ата районундагы Кызыл Октябрь айылында мектепти мындан 10 жыл мурун аяктагандар акчасын шаан-шөкөткө жумшагандын ордуна эки балалуу майып аял Акгүл Акматалиевага үч бөлмөлүү үй салып беришкен.

Ал эми Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы мектепти мындан 10 жыл мурда аяктап кеткен бүтүрүүчүлөр аймактагы эки үй-бүлөгө кубаныч тартуулап, бирден тай сатып беришкен.

Сөздөн ишке өткөн элеттик жигиттер 

Айылдашынын үйдөн-үйгө көчүп жүргөнүн көргөн Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылынын 29 жаштагы тургуну Хамзат Таалайбек уулу төрт баласы бар жалгыз бой энеге үй салып берген. Бишкекте соода-сатык менен алектенген ишкер демилгесин толугу менен өзү каржылап кыйын кырдаалда жашаган үй-бүлөнүн сообуна калды. 

Үч баланын атасы, 26 жаштагы Талант Тилен уулу Жаштарды өнүктүрүү институтуна грант жазып, өзү жашаган Нарын облусунун Кара-Саз айылын жаңы таштанды урналары менен камсыздай алган. Талант муну менен гана токтоп калбастан, демөөрчүлөрдү таап арыктарды тазалоо жана таза суу маселесин чечүүнү дагы максат кылып, алгачкы аракеттерин баштаган. 

© Фото / Жылдызай АттокуроваЭшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы мугалимдери, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберди
Семья мигрантов подарила школьную мебель для школы в селе - Sputnik Кыргызстан
Эшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы мугалимдери, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберди

Таластын Бакай-Ата районундагы Эшимбек Капалов атындагы мектептин мурдагы мугалимдери, учурда Москва шаарында үй-бүлөсү менен иштеп жүргөн жубайлар аталган мектепке 30 парта жана 30 отургуч жиберген. Мектеп эмерегин өз каражатына жеткирген мугалимдер Кыргызстанга ташып жеткиргенге кеткен чыгымын да төлөшкөн. Ак дил мугалим жубайлар мурда аталган мектепте иштеп, Россиянын Москва шаарына кеткенине үч жылга аяк басыптыр.

Баткен районунун Кара-Булак айылынын жаштары жардамга муктаж болгон 25 үй-бүлөгө жардам кылышты. Айылдаштар каражат чогултуп, колунда жок үй-бүлөлөргө азык-түлүк, көмүр жана кышкы жылуу кийимдерди таратышкан

Мындан тышкары, элеттиктер жол, көпүрө өңдүү маселелерди да көз жаздымда калтырган жок. Кадамжай районунун Тамаша айылынын мечит жамааты айылдагы жараксыз абалдагы көпүрөнү оңдоп, колдонууга беришкен.

Помощь семье Гульмире Жакыповой у которой шестеро детей - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: эки баласы майып үй-бүлөгө кайрымдуулук фонду там салып берди
Ушул эле райондун Миң-Чынар айылынын тургундары айылдык мечиттин имамы Бердикул Ашировдун демилгеси менен 50 түп жүзүм көчөтү жана гүл отургузушту. 

Быйыл аш-тойлордогу чыгымдарды кыскартууда жылыштар байкалды. Буга Кара-Суу районундагы Мамажан айылынын тургундарын мисал келтирсе болот. Алар маркумду акыркы сапарга узатууда бир жылкы же бодо мал сойгондун ордуна бир койго эле өтүшкөн. Үйлөнүү үлпөт тойлорунда болсо тизилген кымбат унааларды колдонбой, коомдук транспортторду пайдалануу чечимин жалпы эл кабыл алган

Жасаган ишин жашыруун калтыргысы келгендер дагы болду. Жыл соңунда Беловодск айлындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине 815 миң сомдук 18 орундуу микроавтобус колу ачык адам тарабынан белек кылынган

Жаңылыктар түрмөгү
0