Сасык тумоого чалдыккан мандариндер — медиктер WhatsApp билдирүүсүнө жооп беришти

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСкладдагы мандариндер. Архив
Складдагы мандариндер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үн менен жазылган билдирүүдө Кыргызстан тууралуу кеп болуп жаткандыгы айтылбайт. Бирок алар КРдин колдонуучуларынын чат-топторуна келип түшүүдө.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. WhatsApp тиркемесинде белгисиз адамдар мандарин жегенден кийин сасык тумоого же тамак оорусуна чалдыгып, инфекциялык ооруканага жатып калгандары тууралуу билдирүүнү таркатып жатышат. Үн менен жазылган билдирүүдө Кыргызстан тууралуу кеп болуп жаткандыгы айтылбайт, бирок КРдин колдонуучуларынын чат-топторуна келип түшүүдө.

"Саламатсыздарбы, бизди кечээ эле инфекциялык ооруканадан чыгарышты. Ишенбейсиңерби, ангина менен жатып чыктык. Азыр ротавирус жүрүп жатат. Ишембиге караган түнү 53 адам, жекшембиге караган түнү 31 адам ооруканага жаткырылды. Дарыгер мандарин жегенге катуу тыюу салды", — деп аялдын үнү менен айтылат.

Центр лечения патологии почек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын түштүгүндөгү айыл тургундары унутта калган ооруга чалдыкты
Дагы бир аудиожазуу эркектин үнү менен жөнөтүлгөн: "Тууганымдын баласы кечээ эки кичинекей кытай мандаринин жеген экен. Эртеси сасык тумоо менен катуу ооруп калды. Дарыгер баланын мандарин жегенин билип, бул 40-окуя болгонун айтты. Ооруга чалдыккан мандариндер пайда болуптур, сак болгула", — деп айтылат анда.

Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын башчысы Гүлжигит Аалиевдин айтымында, мандариндин айынан сасык тумоого же ангинага чалдыгып ооруканага жаткырылган окуя болгон эмес. 

"Мындай окуялар медициналык адабиятта жок", — деди Аалиев.

Дарыгер жарым жыл мурун WhatsApp тиркемесинде адамдар сибирь жарасына чалдыгып, инфекциялык ооруканага жаткырылууда деген имиш сөздөр чыкканын белгилеп, бул болуп жаткандарды "жалган" билдирүү деп атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0