ЖК: гардеробчу иштен алынган жок, ага ыраазычылык айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбековдунпосту, Twitter баракчасынан тартылган сүрөт
Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбековдунпосту, Twitter баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин КТРКнын жетекчиси социалдык тармактагы баракчасына гардеробчунун кийим илген жерге таштап кеткен катын жарыялаган. Андан кийин кызматкер иштен алынганы тууралуу маалымат тарап кеткен.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеште иштеген гардеробчуну эч ким иштен алган жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди. 

Открытие V форума ТЭК России в XXI веке - Sputnik Кыргызстан
Жайыл РИИБдин башчысы базаркомдун айынан кызматтан алынды
Буга чейин Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасына сүрөттөрдү жүктөп "Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгып күрмөмдү таштаган гардеробго барсам, өздүк тейлөө режимине өтүптүр" деп жазган. Сүрөткө гардеробчу таштап кеткен кат тартылган, анда "кийимдерди өзүңүздөр ала бериңиздер" деп жазылып турат. Айрым маалымат каражаттары гардеробчу иш ордунан бир азга алаксыганы үчүн ишинен алынганын жазып чыгышкан. Учурда Карыпбековдун Facebook баракчасындагы посту алып салынды. 

"Гардеробчунун аты Орунай Мамытова. Ал ЖКнын иш башкармалыгына караштуу. Мен иш башкармалыктын жетекчиси менен байланышып маселени тактадым. Ал аны иштен алуу тууралуу ойлонбогонун билдирди. Болгону эскертүү гана берилиптир", — деди Ибраим Нуракун уулу. 

Шайлоо участогунда добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо: айлыгына нааразы оператор, мыйзамга такаган Мамкаттоо
Ал ошондой эле парламенттик журналисттер Мамытова абдан сылык жана жоопкерчиликтүү кызматкер экенин айтып кайрылышканын билдирди. Буга байланыштуу Нуракун уулу кызматкерге өзүнүн атынан ыраазычылык билдиргенин кошумчалады.

Ал эми Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook баракчасына гардеробчуга карата эч кандай жаман сөз айтпаганын жазып, болгону кийим илүүчү жайда эч ким жок болгонун белгиледи.

Ал ошондой эле гардеробдо иштеген кызматкер анын жазгандары үчүн сарсанаа болсо кечирим сурай турганын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0