Оштун жаңы аэропорту Мады менен Отуз-Адырдын аймагына курулмай болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маселени демилгелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов аба майданды көчүрүү мезгилдин талабы болуп жатканын жана аны курууга инвесторлорду да таба аларын айтат.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Ошко жаңы аба майдан курулат деген сөз көптөн бери эле айтылып келет. Жакында "Ош" эл аралык аэропортунда тумандын улам үч күнгө каттамдар токтогондо бул маселе Жогорку Кеңеште дагы бир нече ирет көтөрүлдү. Мындан тышкары, учурда учактар коңшу Өзбекстандын аба мейкиндиги аркылуу учуп-конуп, бул дагы чоң көйгөйдү жаратып келет. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңы аэропорт салууга өлкөнүн чама-чаркы жетеби жана мунун канчалык зарылчылыгы бар деген суроолорго жооп издеди.

Транспорт жана жол министрлиги менен байланышканыбызда мекеменин маалымат кызматы аэропорт курууга учурда Отуз-Адыр, Мады айыл өкмөттөрүнүн аймагынан 500 гектар жер бөлүнгөнүн айтты. 

"Ошко жаңы аэропорт куруу боюнча 2015-жылдын март айында министрлик тарабынан түзүлгөн атайын ведомстволор аралык комиссия жер тилкесин таап, тиешелүү корутундусун өкмөткө берген. Азыркы убакта жогорудагы тилкени трансформациялоо боюнча тиешелүү иштер жасалууда. Ошону менен катар эле министрлик "Манас эл аралык аэропорту" ишканасы менен биргеликте жаңы аэропортту курууга инвестор тартуу үстүндө иш алып барууда. Буга чейин Кытай инвесторлору кайрылып, аларга тиешелүү маалыматтар берилген. Бирок бүгүнкү күндө реалдуу түрдө инвестиция салабыз деген тараптар жок", — деп билдирди маалымат кызматы.

Аталган министрлик учурда аба майдан курууга канча каражат кетери аныктала электигин белгиледи.

Бул маселени демилгелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов аба майданды көчүрүү мезгилдин талабы болуп жатканын жана аны курууга инвесторлорду да таба аларын айтат. 

Москванын жаңы ачылган Жуковский аба майданы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Жуковский" аэропортунан Бишкекке биринчи ирет учак конду
"Ош эл аралык аба майданы 1962-жылы саатына 200 адамды тейлөөгө ылайыкташып курулган экен. Учурда көптөгөн өлкөлөргө каттамдар ачылып, ал жалпы эле түштүк регионунун калкын жана конокторун тейлеп жатат. Ошондуктан жаңы аэропорт куруу мезгилдин талабы десек болот. Эң башкысы — азыр биздин учактар коңшу Өзбекстандын аба мейкиндиги аркылуу учуп-конуп жатат, алар жаап койсо ошондо чоң маселе жаралат. Эгер бул аэропорт курулуп калса Кыргызстандын гана аба мейкиндиги менен учуп-конуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле биз аркылуу Азия өлкөлөрүнө каттаганга өзүнчө бир хаб болуп калышы мүмкүн. Жогорку Кеңеште да бул меселени айтып чыккам. Трансформациялоо иштери аягына чыкса, аны курууга инвесторлор табылат деп айта алам", — деди Матраимов. 

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Райымберди Мөнөкбаев учурда бөлүнгөн жерлерди трансформациялоо боюнча Кара-Суу райондук администрация, архитектура башкармалыгы жана айыл өкмөт башчылары иш алып барып жатканын айтты.

"Ал аймакта мамлекеттин карамагындагы жерлерден сырткары, турак жай курууга жана үлүшкө берилген жер тилкелеринин аянты такталат. Учурда жерди транформациялоо иштери гана жүрүп жатат. Азырынча инвестиция салууга кызыкдар тарап жок болгондуктан, курулуш иштери качан башталары белгисиз", — деп билдирди Мөнөкбаев.

Эл аралык Ош аэропорту Фергана өрөөнүндөгү ири аба майдандарынын бири, пайдаланууга 1974-жылы берилген. КРдин аймагындагы көлөмү боюнча экинчи аэропорт, жылына 1 миллионго жакын жүргүнчүнү кабыл алат. Аба ырайынын катаал шарттарында Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аба майданына кошумча кызмат көрсөтөт. Ош шаарынын түндүгүнөн 9 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0