Ала-Тоо аянтында бараткан Бишкек жашоочулары. Архивдик сүрөт

Майрамда оорубаш үчүн эмне кылуу керек? Адистерден 10 кеңеш

474
(жаңыланган 11:45 28.12.2016)
Ноябрдын аягында Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны кескин жогорулап кеткен. Майрам күндөрү оорубай, дем алышты көңүлдүү өткөрүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин кеңештерине көңүл буруңуз.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги кышында ар түрдүү өнөкөт оорулар күчөп кетээрин эскертет. Ноябрдын аягында Кыргызстанда сасык тумоо менен ооругандардын саны кескин жогорулаган. Борбордогу бардык муниципалдык мектептер жана аймактардагы бир нече окуу жайлар карантинге жабылган.

Ооруларга каршы туруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинен 10 кеңеш сунуштайбыз:

  1. Вакцинация жана профилактика. Ведомство имбирь, лимон жана ачуу калемпир колдонууну сунуштайт;
  2. Марли таңгычы сыяктуу коргоочу каржаттарды колдонуңуз. Аны 3-4 саат сайын алмаштырып туруу керек;
  3. Терезелерди ачып бөлмөнү желдетип туруу маанилүү. Себеби сасык тумоонун вирусу жылуу, абасы кургак, жабык жерде тез көбөйөт;
  4. Бөлмөгө арча түтөтүү дагы жакшы таасир берет;
  5. Сасык тумоону алдын алуу үчүн суусундукту көбүрөөк ичүү пайдалуу. Медиктер кайнатылган ит мурунду жана чайга лимон, малина, карагат, бал кошуп ичүүнү сунуштайт. Ал эми таттуу газдалган суусундуктар сунушталбайт.
  6. Майрамда ашыкча тоюп алуунун, көп алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн кереги жок. Тамактанууну тең салмакта кармоо зарыл. Витаминдер жана башка минералдык, пайдалуу азыктар организмге күч-кубат берет.
  7. Жеке гигиенаны сактаңыздар. Колду тамак-аш жегенге чейин жана андан кийин жууп туруу керек. Айрыкча коомдук жайларга барганда бул эрежени эске алуу маанилүү. Ооруп калган адамдардын идиш-аягы менен буюмдарын колдонбоңуздар;
  8. Климатты алмаштырып алыскы сапарга аттануу сунушталбайт. Себеби, муну менен организмди олуттуу сыноолорго түртөсүз. 
  9. Тамак-аштын даярдалуусуна жана сакталуусуна көңүл буруңуз. Майрам күндөрү азыктардан ууланып калбаш үчүн салаттарды, эттен жасалган азыктарды жана башка ушул сыяктуу даамдарды жеткиликтүү өлчөмдө жасаганыңыз оң. Тамак-ашты бир суткадан ашык сактабаш керек.
  10. Азык-түлүктөрдү сатып алууда өзгөчө көңүл буруңуз. Сөзсүз түрдө товардын чыгарылган жана сактоо мөөнөтүн карап алыңыз.

474
Белгилер:
майрам, кеңеш, сасык тумоо, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Сасык тумоонун өлкө аймагында жайылышы (30)
Тема боюнча
Өлкөдө сасык тумоонун мизи кайтты
Жылдыз Айгерчинова: өлкөнүн айрым аймактарында сасык тумоо басаңдай элек
Сасык тумоо Ош менен Баткенде күчөп жатат
Тез жардам кызматы. Архив

ТИМ: Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

26
(жаңыланган 13:12 14.05.2021)
Кырсыктаган кызды оор абалда Санкт-Петербургдагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан капыстан кулап кетип ооруканада жаткан кыргызстандык 11 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

26
Белгилер:
кыз, операция, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

9
Спорттук комментатор, граундхоппер Бексултан Усеналиев өлкөдө граундхоппинг аркылуу футболдук стадиондорго барып, дүйнөнү кыдыргандардын саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

Дүйнөнүн белгилүү граундхопперлери Кыргызстандагы футболдук беттештерге катышып, стадиондорду каттап кеткендер бар. Мындай пикирин Бексултан Усеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Усеналиев: граундхоппингге кызыгып дүйнөнү кыдыргандар көбөйдү

Анын айтымында, граундхопперлер футбол көрүп, стадиондорду гана каттабастан башка элдердин маданиятын, тарыхын өздөштүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

"Граундхоппинг – футболдук саякаттын бир түрү. Бул түшүнүктүн максаты башка өлкөгө стадионго барып, футбол көрүп, ошол жерди каттоо дегенди билдирет. Бирок жөн гана стадионго кирүү эмес, ал элдин маданиятын, тарыхын өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Демек, граундхоппинг аркылуу дүйнөнү кыдырса болот. Жалпак тил менен айтсак, стадиондорду коллекциялоо. Бул кыймыл Англияда пайда болгон. "Бристоль Сити" клубунун күйөрманы Англияда болгон 92 футболдук беттешке барып, стадиондорду белгилеген. Бул жетишкендикти каттоо максатында гезит ачып, ийгилиги тууралуу бөлүшкөн. Анын эрдигине суктанып, башкалар да стадиондорду кыдыра башташкан. Өлкөдө фанатизм маданиятына кызыккандар бул кыймылды жакшы түшүнөт. Кыргызстанда мындай адамдардын башын бириктирген уюм жок. Болгону "граундхоппер" деген тиркемени смартфонго көчүрүп алып, барган стадионду, оюнду, шаарды белгилеп каттап коёбуз. Бизде кыймылга активдүү катышкан 4-5 адам бар. Мисалы, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүнөн граундхопперлер келгендигин кароого болот", — деди Усеналиев.

Ошондой эле ал Кыргызстан европалыктар үчүн абдан кызыктуу өлкө деп эсептелерин кошумчалады.

9
Белгилер:
Бексултан Усеналиев, саякат, футбол
Тема боюнча
Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?
UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко UFC берген 50 миң доллар бонусту кайда коротконун айтты. Видео

0
antonina-shevchenko-ufc-50-min-dollar-bonus-korotuu 15-майда Шевченко UFC уюмундагы алтынчы беттешине чыгат. Ага америкалык мушкер кыз Андреа Ли атаандаш болот.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. UFC мушкери кыргызстандык Антонина Шевченко өткөн беттеште алган бонусун кантип коротконун, кезектеги атаандашы америкалык Андреа Ли менен кантип таанышканын айтып берди. Бул тууралуу спортчу UFC Russia уюмунун YouTube каналына берген маегинде билдирди.

"Алган бонустардын баарын мен учууларга коротуп жатам. Буга чейинки беттештерде алган сый акыларыма мыкты учак сатып алгам. Менин көптөн бери максат кылып жүргөн көксөөм орундалды", — деген ал.

Белгилеп кетсек, Антонина эки ирет, 2019-жылдын августунда жана 2020-жылдын ноябрындагы мелдештерде мыкты кармаш тартуулагандыгы үчүн 50 миң доллардан бонус сый акы алган.

Кыргызстандык мушкер кыз, ошондой эле, учурдагы атаандашы менен кантип таанышып калганын да айткан.

"Биз АКШга көчүп келгенде Хьюстондо жашап калдык. Андреа Ли дагы Техастан болот. Биз анын кикбоксинг боюнча беттешин көргөнбүз. Валентина да ал мелдешке катышкан. Жолукканбыз, сүйлөшкөнбүз, бирок бирге машыккан эмеспиз", — деди Антонина.

Эске сала кетсек, 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдеши өтөт. Анда кыргызстандык Антонина Шевченко промоушендин алкагында алтынчы беттешине чыгып, КГБ каймана аттуу Андреа Ли менен кармашат.

0
Белгилер:
учак, бонус, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Өзү деле билчү... Рамзан Кадыров Хабибди UFC уюмунун долбоору деп атады
Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды