Куруучулар. Архив

"Манас" аэропорту 3 млн. сомго курулуш материалдарын сатып алат

27
Тендер 28-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 4-январында аяктайт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту курулуш материалдарын сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, "Манас" аэропорту курулуш материалдары үчүн 2 миллион 675 миң сом сарптоого даяр. 

Тендер 28-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 4-январында аяктайт. 

27
Белгилер:
тендер, аэропорт, курулуш материалдары
Тема боюнча
"Электр станциялары" ишканасы 120 млн. сомго мазут сатып алат
"Манас" эл аралык аэропорту 9 млн. сомго күйүүчү май сатып алат
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

183
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

183
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду
Тоолуу аймак. Архивдик сүрөт

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

195
18-октябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +23…+25 градус болот.

195
Белгилер:
аба ырайы, октябрь, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан жаабайбы? Бир жумага карата аба ырайы