Окумуштуулар бейтап адамдар эмне себептен убакытты сезбей каларын аныкташты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык инстурменттер. Архив
Медициналык инстурменттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары окумуштуулар мээдеги "биосааттын" сырын ачууга аракет жасап келишет. Анын иштөө принциптерин аныктоо менен уйкусуздукка каршы дары жасоого мүмкүнчүлүк ачылат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. АКШнын окумуштуулары оорулуу адамдар убакыттын өтүшүн эмне себептен сезбей каларын аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Current Biology журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, адамдын дене табы өтө жогорулап кеткенде убакыттын өтүшүн (күн менен түндү) сездирген мээдеги клеткалардын тобу "иштебей" калат. Буга байланыштуу ооруп жаткан адамдар убакыттын өтүшүн жакшы сезбейт. 

"Свет уйкулуу адамга негативдүү таасир берет. Буга байланыштуу адамдар тынч укташ үчүн кечкисин жарыкты өчүрүп, эртең менен ойгонуу үчүн пардаларды ачышат. Бул процессти эмне көзөмөлдөп турганын биз биле элек болчубуз. Кийин изилдөөлөрдүн жыйынтыгы мээнин ядросу башкарарын көрсөттү. Ал эми ядронун ишин жарык менен жылуулук башкарат экен", — деп Балтимордогу (АКШ) университеттин окумуштуусу Сет Блэкшоу билдирди. 

Акыркы жылдары окумуштуулар мээдеги "биосааттын" сырын ачууга аракет жасап келишет. Анын иштөө принциптерин аныктоо менен уйкусуздукка каршы дары жасоого мүмкүнчүлүк ачылат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0