Баткенде өрт жалмаган үйдүн жашоочулары бир бөлмөдө баш калкалап отурат

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан
Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги учурда жыл аягы болгондуктан жардам жаңы жылдык майрамдардан кийин болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан. Бактыга жараша, үй ээлери аман, бирок III топтогу майып учурда бала-бакырасы менен оор шартта күн кечирип келет. Ызгаардуу кышта болгон мүлкүнөн ажырап олтурган бул бүлөдөн аймактык кабарчыбыз кабар алып келген.

© Фото / Улан МаккамбаевБаткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан
Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан - Sputnik Кыргызстан
1/2
Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан
© Фото / Улан МаккамбаевБактыга жараша, үй ээлери аман, бирок III топтогу майып учурда бала-бакырасы менен оор шартта күн кечирип келет. Ызгаардуу кышта болгон мүлкүнөн ажырап олтурган бул бүлөдөн аймактык кабарчыбыз кабар алып келген.
Бактыга жараша, үй ээлери аман, бирок III топтогу майып учурда бала-бакырасы менен оор шартта күн кечирип келет. Ызгаардуу кышта болгон мүлкүнөн ажырап олтурган бул бүлөдөн аймактык кабарчыбыз кабар алып келген. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бактыга жараша, үй ээлери аман, бирок III топтогу майып учурда бала-бакырасы менен оор шартта күн кечирип келет. Ызгаардуу кышта болгон мүлкүнөн ажырап олтурган бул бүлөдөн аймактык кабарчыбыз кабар алып келген.
1/2
Баткен районундагы Карабак айылынын тургуну, III топтогу майып Токтобүбү Мусаеванын үйү 22-декабрдын таңында өрттөнүп, бир бөлмөсү толугу менен жарактан чыккан
2/2
Бактыга жараша, үй ээлери аман, бирок III топтогу майып учурда бала-бакырасы менен оор шартта күн кечирип келет. Ызгаардуу кышта болгон мүлкүнөн ажырап олтурган бул бүлөдөн аймактык кабарчыбыз кабар алып келген.

Кырсык болгон түнү өрт үйдүн мейманкана бөлмөсүнөн чыгып, баалуу делген буюмдарды жалмап кеткен. 

"22-декабрда таңкы төрт жарымдарда ойгонуп кетип, өрттү сезип калдым. Үйдөгүлөр башка бөлмөдө уктап жаткандыктан, ажалдан аман калган. Жолдошумду ойготуп, сыртка чыктык. Кырсыктагандан бери төрт балам, жолдошум менен бир бөлмөдө эптеп күн кечирип келе жатабыз. Өрттөн кийин тамыбызды оңдоп алганга чамабыз жок, айылдагы жакыр бүлөлөрдүн катарындабыз", — деди Мусаева. 

Баткенде өрт жалмаган үйдүн жашоочулары бир бөлмөдө баш калкалап отурат - Sputnik Кыргызстан
Өрт жалмаган үй. Майып эне, айыл өкмөттөн жардам күткөн бүлө
Айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу Бүбүжар Акматбекова Мусаевага жергиликтүү бийликтен аз да болсо жардам болорун, абалды атайын комиссия иликтеп чыгышы зарыл деген пикирин айтты. Ал учурда жыл аягы болгондуктан жардам жаңы жылдык майрамдардан кийин болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Азыр жылдын жыйынтыгы чыгып жаткан чак. 2017-жылдын башы менен акчалай жардам берели деп турабыз. Балким керектүү курулуш материалдарынан тактай алып беребиз, эми муну тиешелүү комиссия чечет", — деди Акматбекова.

Кырсыкка кабылган Мусаева алардын үй-бүлөсү жашап турган үйүн камсыздандырбагандыгын, камсыздандыруу эмне экенин эми башына келгенде түшүнүп жатканын айтты.

Бир жыл ичинде болгон ири өрт кырсыктар тууралуу Sputnik Кыргызстандын материалынан окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0