Оштогу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Бул окуя боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча иш козгоду.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, кызматкерлер бухгалтердик документтерди жасалмалоого шектелип жатышат.

"Айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери бухгалтердик документтерди жалган маалыматтардын негизинде оңдоп, бюджеттен 1 миллион 168 миң сом акча каражатын мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарып алууга шектелип жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Бул окуя боюнча Ош облустук прокуратурасы Кылмыш жаза кодексинин 171 (ишенип берилген мулкту ээлеп алуу же жоготуу), 304 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалуулук) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0