Москвада өрттөн каза болгон мекендештердин балдарына белектер берилди

© Фото / Жылдыз ОсмоноваМосква шаарында өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды
Москва шаарында өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен белектер Баткен, Кызыл-Кыя, Токмок, Каракол сыяктуу аймактарга жеткирилген.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Москва шаарында өрттөн каза болгон кыргызстандыктардын балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылганын жардам берүү акциясын уюштургандардын бири Жылдыз Осмонова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында жалпысынан 22 балага жаңы жылдык белектер берилди.

"Москвадагы Стромынка көчөсүндөгү тигүү цехинде, Алтуфьево шоссесиндеги басмаканада каза тапкандардын жана ноябрь айында киши колдуу болгон мекендешибиздин балдарына канцеляриялык товарларды белек кылдык", — деди Осмонова.

Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн каза болгон кыргызстандык кыз-келиндердин жаркын элесине арнап, Бакаев –Айни көчөлөрүнүн кесилишине 18 түп бак тигилди - Sputnik Кыргызстан
Өрттөнгөн кыз-келиндин, курсактагы түйүлдүктүн элесине бак отургузулду
Ал ошондой эле мекендештердин балдары Кыргызстандын түрдүү аймактарында жашап жатканын айтты. Негизинен белектер Баткен, Кызыл-Кыя, Токмок, Каракол сыяктуу аймактарга жеткирилген.

Маркумдардын балдарына жаңы жылдык белек алып берүүгө каражат чогултуу акциясы 25-ноябрдан 20-декабрга чейин уланган. Ага бардык ыктыярчылар колунан келген жардамдарын беришкен.

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москва шаарындагы "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада өрт чыгып, кырсыктан 14 кыргызстандык кыз-келин каза болгон. Анын кесепетинен 11 бала жетим калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0