Манас Султанов: жылкылар эстен тана баштаганда айласыздан Путинге кайрылгам

© Sputnik / Жоомарт УраимовВице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов
Вице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манас Султанов аттуу "крутой" байке бар. Башынан ар дайым ковбойдун шляпасы түшпөйт. Бизнесинин көпчүлүгү чет өлкөдө болгону менен акчасын Кыргызстанда гана чачат. Чет жактарда эмне иш кылат дебейсизби? Литва, Польшада жылкы заводдорун ачып, Кыргызстандан көбүнесе Монголия жана Кытайга кыргыз аргымагын экспорттойт.
Манас Султанов: кыргыз аргымагын калыбына келтирүү үчүн Монголияга да бардым

Кыргыз аргымагы демекчи, ал жоголуп баратканда тыкыр изилдеп чыгып, калыбына келтирүүчүлөрдүн башында турган адам ушул. Учурда КРдин ат спорту боюнча федерациясынын вице-президенти. 

Султанов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бегимай Бакашевага кыргыз аргымактарын экспорттоо жана жылкылардын чет жерлерде жараткан ийгиликтери тууралуу айтып берди. 

— Кыргыз аргымактарын экспортто менен алектенет экенсиз, чын эле биздин жылкыларга суроо-талап көппү?

— Албетте! Азыр көбүнчө Монголия, Индонезия жана Кытай сурап жатат. Негизги көйгөй — бизде алар каалаган санда сата турган жылкылар жок. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМарат Султанов: табигый жол менен бир айгыр жылына 15-20 бээни уруктандыра алат.Ал эми лаборатория шартында жасалма уруктандыруу кылсак бир айгырдан жылына 500гө чейин бээни туудурса болот
Вице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов - Sputnik Кыргызстан
Марат Султанов: табигый жол менен бир айгыр жылына 15-20 бээни уруктандыра алат.Ал эми лаборатория шартында жасалма уруктандыруу кылсак бир айгырдан жылына 500гө чейин бээни туудурса болот

— Эмне себептен? 

— Асыл тукум жылкыларды багуу жана көбөйтүү маданиятыбыз калыптанган эмес. Жылкыны туура бага алчу адистер өтө аз. Экинчиден, жылкы фермаларынын ээлери жасалма уруктандыруу жолун жакшы өздөштүрбөй жатышат, каалоо жок. Түшүндүрүп жеткире албай койдум. Табигый жол менен бир айгыр жылына 15-20 бээни уруктандыра алат. Анын ону чоңоюп жетилсе, ичинен дагы канчасы мыкты чыгары белгисиз. Ал эми лаборатория шартында жасалма уруктандыруу кылсак бир айгырдан жылына 500гө чейин бээни туудурса болот. 

— Кыргызстанда жасалма жол менен уруктандырган лаборатория барбы?

— Сокулукта мыкты адистер иштеген, заманбап жабдуу менен камсыздалган лаборатория бар.

© Фото / Виктория Трофимова Кыргыз аргымактарына кызыккан чет өлкөлүктөр
Кыргыз аргымактарына кызыккан чет өлкөлүктөр - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кыргыз аргымактарына кызыккан чет өлкөлүктөр
© Фото / Виктория Трофимова Эл аралык сынактарда ийгиликтерди багындырган Арман
Эл аралык сынактарда ийгиликтерди багындырган Арман - Sputnik Кыргызстан
2/4
Эл аралык сынактарда ийгиликтерди багындырган Арман
© Фото / Виктория Трофимова Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт
Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт
© Фото / Виктория Трофимова Кыргыз айгырларынын баасы 30 миң доллардан жогору
Кыргыз айгырларынын баасы 30 миң доллардан жогору - Sputnik Кыргызстан
4/4
Кыргыз айгырларынын баасы 30 миң доллардан жогору
1/4
Кыргыз аргымактарына кызыккан чет өлкөлүктөр
2/4
Эл аралык сынактарда ийгиликтерди багындырган Арман
3/4
Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт
4/4
Кыргыз айгырларынын баасы 30 миң доллардан жогору

— Жогоруда жылкы фермалардын ээлери түшүнбөй жатат дедиңиз. Сиздин аларга кандай тиешеңиз бар? 

Жорго. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң мыкты күлүктөр менен жорголор кимдики
— Кыргыз аргымактарын калыбына келтирүү иштерин баштаганыма 15 жылдай убакыт болду. Ошол кезде кыргыз аргымактары жокко эсе болуп калган. Таза кандуу кыргыз аргымактары кандай болгонун Алтайга, Монголияга барып тарыхый документтерди изилдеп жүрүп аныктадык. Ошонун негизинде түркмөндөрдүн Ахелтекин жылкысынын айгырын жана кыргыз бээсин аргындаштырып отуруп, аргымакты кайра калыбына келтирдик. Айгырлыкка жарай турган тайларын кыргыздын ар бир уруусуна бөлүштүрүп бергенбиз. Азыр чоң жетишкендиктерди саяктар көрсөтүп жатат. Өткөндө алардын 9 айгырын Монголияга экспорттодук. Бугу уруусунда дагы жетишкендиктер көп. Ал эми оштуктар көк бөрү сыяктуу катаал оюндарга катыша турган чоңураак аргымактарды даярдоодо. 

— Сөзүңүзгө караганда кыргыз аргымактары Монголияга көбүрөөк жиберилет экен. Себеби эмнеде?

— Монгол аргымагын кыргыз аргымагынын базасында калыбына келтирүү боюнча иш башташты. Биз бул боюнча бир нече келишимдерге кол койгонбуз. 

— Спорттук максатта сатылган аттар барбы?

— Кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт. Булар спорттун аристократтык түрлөрүнө киргендиктен, жалаң олигархтар ойношот. Аларга жылкы дүйнөнүн кайсы жеринен келери маанисиз, негизгиси мыкты болушу керек. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМарат Султанов: кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт. Булар спорттун аристократтык түрлөрүнө киргендиктен, жалаң олигархтар ойношот
Вице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов - Sputnik Кыргызстан
Марат Султанов: кыргыз жылкылары классикалык спорттун рейнинг, эндьюранс, поло жана хорсбол түрлөрүнө жарайт. Булар спорттун аристократтык түрлөрүнө киргендиктен, жалаң олигархтар ойношот

— Чет өлкөгө кетип, ал жактан ийгилик жараткан жылкылар барбы?

— Литванын Шяуляй шаарында Кыргызстандан кеткен Арман аттуу айгыр бар. Ал абдан көп эл аралык мелдештерди жеңген. Анын атасынын атасы Ахалтекиндин Абцент деген линиясынан чыккан, ат бийи боюнча үч жолку дүйнө чемпиону, олимпиада оюндарында байгеге татыган. Энеси — кыргыз бээси. Арман азыр Литвадагы жаңы ачылган жылкы фермасынын башаты болгону турат. Кытайдын Үрүмчү шаарындагы жылкы фермасына Мускат деген айгырды бергенбиз. Ал азыр Үрүмчүдөгү №1 айгыр, андан тукум алууну каалагандар өтө көп. 

— Чет өлкөгө экспорттолгон жылкылардын баалары кандай?

— Жаш тайларды 3-5 миң доллардан жөнөтүп жатабыз. Ал эми чоң айгырлардын баасы 30 миң доллардан жогору. Бирок биз аларды сата албайбыз. Мыкты айгырлар өзүбүздө тартыш. 

— Кыргызстандан сыртка мал алып чыгуу жолдору татаал болсо керек? 

Келишимдүү ахалтекин аргымактарын Кыргызстанга учак менен ташып келишти - Sputnik Кыргызстан
Келишимдүү ахалтекин аргымактарын Кыргызстанга учак менен ташып келишти
— Ооба, ветеринардык тоскоолдуктар көп. Россиянын өзүнө алып барууда көйгөй жок болгону менен ал аркылуу алып өтүү азап. Былтыр Монголияга тогуз жылкыны алып өтүп баратканыбызда, орус-монгол чек арасынан кармап алышты. Ар кайсы шылтоону айтып, жылкыларга жем да, суу да бердиртпей бир сутка кармашкан. Аягында жылкылар ачкадан эстен танып кулай баштаганда орус президенти Владимир Путинге кат жолдоого аргасыз болгом. Ошентип президенттин аппараты ФСБсына тапшырма берип жатып, араң алып чыкканбыз. 

— Анда алыскы чет өлкөлөргө жылкы экспорттоо биз үчүн өтө татаал турбайбы?

— Кыргызстандын ветеринардык справкаларын Европанын бир да өлкөсү тааныбайт. Ошондуктан биз ал жакка чыгаардан мурда ветеринардык абалы жакшы деп эсептелген Россия же Украинага барып, жылкыны ошол жерде карантинде 90 күн кармап турушубуз керек. Ошондон кийин гана сата алабыз. Бирок бул биз үчүн өтө кымбат болуп кетет. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовМарат Султанов: Кыргызстандын ветеринардык справкаларын Европанын бир да өлкөсү тааныбайт. Ошондуктан биз ал жакка чыгаардан мурда ветеринардык абалы жакшы деп эсептелген Россия же Украинага барып, жылкыны ошол жерде карантинде 90 күн кармап турушубуз керек
Вице-президент Федерации конного спорта Манас Султанов - Sputnik Кыргызстан
Марат Султанов: Кыргызстандын ветеринардык справкаларын Европанын бир да өлкөсү тааныбайт. Ошондуктан биз ал жакка чыгаардан мурда ветеринардык абалы жакшы деп эсептелген Россия же Украинага барып, жылкыны ошол жерде карантинде 90 күн кармап турушубуз керек

Мени катуу өкүндүргөн бир жагдай бар. Мындан 20 жыл мурун Чыңгыз Айтматов Евробиримдикке чуркап жүрүп, Ысык-Көлгө эркин экологиялык аймак статусун алып берген. Ал Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экени түшүнгөн. Эгер ошол ишти улантып кетсек, азыр Ысык-Көл Европанын бир уучу болуп калмак. Ысык-Көлдө өскөн жер-жемиш, багылган мал дүйнөнүн ар тарабына эч тоскоолдуксуз кетмек. Арабдардын жылкыларын убактылуу багып берип, миллиондорду тапмакпыз. 

— Кандайча? 

Аргымак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жабагы, кунан, аргымак, ат, бышты — айырмасын билесизби?
— Мен Дубай, Абу-Даби, Кувейттин шейхтери менен сүйлөшүп турам. Алар биздин Ысык-Көлгө абдан кызыгышат. Анткени өздөрүн жайында күн катуу ысып кеткенде аттарын учакка жүктөп алып Англияга алып барышат. Ысык-Көлдө жаратылыш шарттары Англиядагыга караганда жакшыраак, биздин аттар үчүн бейиштин төрү болмок деп айтышат. 

Биздин өлкөгө Япониянын Олимпияда комитетинин президенти, ханзаада Цуникадзу Такеда дагы абдан кызыгат, ал Кыргызстанга келип кеткен. Дал ушул кишинин кепилдик каты менен Кыргызстан 25 жыл мурда Ат спорту боюнча эл аралык федерацияга КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0