Үстүнө үй, алдына коляска… Sputnik Кыргызстан каармандарынын тагдыры кандай өзгөрдү

© Фото / Зульфия ТургуноваПомощь семье 3-летнего мальчика Исхака
Помощь семье 3-летнего мальчика Исхака - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул адамдардын тагдыры тууралуу кино тартып, китеп жазса болот. Алардын башына түшкөн тагдыр тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жазып чыккандан кийин каармандардын жашоосунда бир топ өзгөрүү болду.

Аталган каармандар кимдер экенин жана аларга кандай жардам берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттиги тизмектеп көрдү. 

Балмуздактын таякчаларынан чеп жана мечит курган бала

Ювенилдүү артрит оорусуна чалдыккан он эки жашар Тилек Алтымышев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баспай калган 12 жашар Тилек үй-бүлөсүн багыш үчүн үй сатып оокат кыла баштады
Тилек Алтымышевдин тагдыры тууралуу маалымат интернет айдыңына чагылгандай эле тарады. Ал майып экенине карабай балмуздактын таякчаларынан көз жоосун алган кичинекей үйлөрдү жасайт. Ага социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев дагы барып, анын колунан чыккан кичинекей үйдү 7 миң сомго сатып алган. Министр ошондой эле дарыланууга жардам берип, эжелеринин университеттен бекер билим алуусуна көмөктөшөрүн айткан. 

Тилек дарылануу үчүн ооруканага жактырылган. Бирок дарыгерлер эч кандай жардам бере алышкан эмес. Активисттер аны Москвадан текшерттирип келүү үчүн акча чогултуп башташкан. Бирок азырынча жетиштүү каражат чогула элек. 

Кара-Сууда базардын жанында картондо уктаган бала

Сентябрь айында социалдык тармакта Ош облусунун "Кара-Суу" базарынын жанында картондо уктап жаткан кичинекей Исхактын сүрөтү тараган. Анын 35 жаштагы апасы Зулфия күйөөсү иштеп келем деген бойдон таштап кеткенин, баш калкалар жери жок экенин айткан.

Президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү бийликке абалды иликтөөнү тапшырган. Аялдын паспорту, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталган. Кийин Исхак бала бакчага киргизилип, документтери берилген. Ошентип аларга Ош шаарынан бардык шарты каралган үч бөлмөлүү батир тапшырылды

Россияда баатыр аталган Марат Исаев

11-февралда Марат Исаев Москвадагы метронун рельсине кулап кеткен аялды куткарып калып, Сергей Собянин менен Россиянын президенти Владимир Путинден сыйлык алган. Анын эрдигин Кыргызстандын президенти да унутта калтырган эмес

Марат Исаев аялды полициянын кызматкери Артем Королюк менен чогуу куткарган.

Азыр Исаев Москва шаарында катардагы эле курьер болуп иштеп жатат. 

Манас Мамбеталиев менен Элдияр Токтошев

Манас Мамбеталиев менен Элдияр Токтошев үлпөт тойго бара жатып ири жол кырсыгына күбө болушкан. Алар эч тайманбастан күйүп жаткан машинанын ичинен кишилерди сыртка чыгарууга жардам беришкен. Куткарган кишилердин арасында боюнда бар аял да болгон.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков балдарды "Кыргыз милициясына 90 жыл" аттуу юбилейлик медаль менен сыйлаган. Университетти аяктоо алдында турган балдар келечекте ички иштер органында иштесек деп кыялданышат. 

Кыргызстан сулуусу-2016

Перизат Расулбек кызы Кыргызстандагы сулуулук конкурсунда жеңүүчү аталып, өлкө намысын Америкада өтө турчу конкурста коргоого укук алган. Дүйнөнүн чар тарабынан чогулган бийкечтердин конкурсу 26-ноябрдан 18-декабрга чейин Вашингтон шаарында өттү.

Кыргызстандын атынан барган бийкеч 100дөн ашык сулуулардын арасынан 25-орунду камсыз кылган

© Фото / Татьяна МеньшиковаАлександр Михайлюк бирге иштеген коллегалары менен
Интервью с кыргызстанцем с синдромом дауна Александром Михайлюком - Sputnik Кыргызстан
Александр Михайлюк бирге иштеген коллегалары менен

Даун синдрому менен ооруган бала жумушка орношту

Александр Михайлюк өзүнүн оорусуна карабай алты саны аман кишилердей эле иштеп, өз ырыскысын таап жатат. Ал паралимпиадага катышып, байгелүү орун да алган. Александр ооруп жатам деп үмүтсүз отурууга болбостугун, аракет кылса колдон баары келерин башкаларга да далилдей алды. Кыргызстанда ал Даун синдрому менен ооруганына карабай расмий түрдө жумушка орношкон биринчи жаран болуп калды. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРКыргызстандын ӨКМ министри Кубатбек Боронов жана Юрий Лугвин
Награждение россиянина Юрия Лугвина за спасение кыргызстанок министром МЧС Кубатбеком Бороновым - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын ӨКМ министри Кубатбек Боронов жана Юрий Лугвин

Москвадагы өрттө кыргызстандык кыз-келиндерди куткарган Лугвин

Юрий Лугвин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада өрттөн кыз-келиндерди куткарган орус жигит: кыргыздар мага туугандай
Юрий Лугвин Кыргызстанда чыныгы баатырга айланды! Ал өз өмүрүн тобокелге салып, күйүп жаткан имараттан өрттө калган адамдарды чыгарууга жан үрөгөн. Юрийди Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырып, медаль тагып сыйлашты

Ал учурда Москва шаарында жашап, мурдагыдай эле спорт менен машыгып, кароолчу болуп иштеп жатат.

Саз менеджери

Челябинск шаарындагы мектеп окуучусу Игорь Назаров конкурска катышып, адаттан тыш жерде — сазда сүрөткө түшкөн. Эреже боюнча конкурстун жеңүүчүсү Кыргызстанды кыдырмак. Ал конкурста жеңишке жетпей калганына карабай активисттердин жардамы менен Кыргызстанга келип кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0