Кыргызстандыктар чочко этинен баш тартууда

Жазылуу
Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык чочко этин Чүй облусу менен Бишкектин тургундары гана жейт.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын чочконун этин жегендердин саны азайып бара жатканы Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Празднование Курбан-байрама в городе Реутов в Подмосковье - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында мал союучу жайлардын бардыгы жабылды
2013-жылдан бери бул этти колдонуу киши башына айына 100 граммды түзөт. Бул көрсөткүч бир нече жыл кармалып турган. Статистикалык маалыматка ылайык, чочко этинен өлкө аймагынын бардык тургундары баш тарткан. Ушу тапта болгону Чүй облусу менен Бишкек шаарынын гана тургундары чочко этин жейт.

Ал ортодо чочконун саны да акыркы он жылда 37 пайызга — 79,6 миңден 50 миңге чейин кыскарган. Мисалы Жалал-Абадда чочконун саны 17 эсе азайган. Учурда ал жакта болгону 80 баш гана чочко калган.

Эң азы Ош облусунда — 16 баш. Ал эми эң алдыда Чүй облусу турат. Бул жакта 45 миң баш чочко багылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0