Кыргызстан чүрөгү-2013 конкурсунун жеңүүчүсү Жибек Нукеева. Архив

Ракка кабылган Нукеевага ырчылар менен моделдер кол сунду

1116
(жаңыланган 09:46 05.01.2017)
Социалдык тармактарда "Кыргызстан чүрөгү — 2013" конкурсунун жеңүүчүсү жана "Аалам сулуусу — 2013" эл аралык конкурсунун катышуучусуна операция жасоо үчүн акча каражаты талап кылынып жатканы боюнча кабар тараган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы шоу-бизнес менен моделдик агенттиктин өкүлдөрү "Кыргызстан чүрөгү-2013" конкурсунун жеңүүчүсү Жибек Нукеевага жардам берүү үчүн кайрымдуулук концертин берет. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөдөгү моделдик агенттиктин биринин директору Таттыбубу Самидин кызы билдирди.

"Кыргызстан чүрөгү-2013" конкурсунун жеңүүчүсү жана "Аалам сулуусу — 2013" эл аралык конкурсунун катышуучусу учурда рак илдети менен ооруп жатат. Буга чейин ал социалдык тармакка "жаңы төрөлгөн ымыркайы менен дагы узагыраак калышына" элдин жардам берүүсүн өтүнүп, маалымат калтырган. 

Самидин кызы балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда 21-январда "Жибек, сен жашашың керек!" деп аталган кайрымдуулук концертин өткөрүп, андан чогулган каражатты операцияга беришерин айтты. 

"Бул акцияны өткөрүүгө белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматова демилгечи болду", — деп билдирди ал.

Самидин кызы ал жетектеген агенттикте иштеген модель кыздар Жибекке жардам берүү боюнча бардык иш-чараларга катышууга даяр экендиктерин айтты. 

1116
Белгилер:
кайрымдуулук, жардам, оору, рак, Жибек Нукеева
Тема:
Жибек Нукееваны өмүрүн сактап калуу аракети (7)
Тема боюнча
Кыргызстан сулуусу Жибектин өмүрүн сактап калууга бир ай гана убакыт калды