Хирург операция учурунда. Архив

Антальяда сабалып жолго ташталган кызга операция жасалды

1652
(жаңыланган 15:19 05.01.2017)
Жабыркаган кыздын апасы ал октябрь айынын башында Түркияга кеткенин, буга чейин Россиянын Сахалин аймагына чейин барып иштеп келгенин айтып берди.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Түркиянын Анталья аймагынан жол жээгинен эс-учу жок абалда табылган 22 жаштагы кыргызстандык кызга операция жасалганын апасы Адилла Жолдошева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. Ал учурда Бишкек шаарында экенин, 7-январда Бишкектен Түркияга уча турганын билдирди.

Декабрь айынын аяк ченинде социалдык тармактарда ооруканада эс-учун билбей жаткан кыздын сүрөтү тараган. Анын жанында эч кандай документи жок экени, абалы оор экени айтылган. ЖМКлардын маалыматы боюнча кыз ур-токмокко кабылган.

Кийинчерээк кыргызстандык кызды сабаган деген шек менен Түркияда эки киши кармалган

"Менин чет жакка чыгуучу паспортум жок болгондуктан Түркияга бара албай жаттым. Эми буюрса 7-январга билет алдым. Кызымдын абалы туруктуу экенин ал жактагы кыздар айтып жатат. Алгачкы кабарды 28-декабрда түнкү саат экилерде уктум…", — деди ал.

Жолдошева анын кызы октябрь айынын башында Түркияга кеткенин, буга чейин Россиянын Сахалин аймагына чейин барып иштеп келгенин билдирди. Ал үй-бүлөдө балдарынын улуусу, андан кийин бир сиңдиси менен бир иниси бар.

1652
Белгилер:
ур-токмокко алуу, Анталья, Түркия
Тема:
Антальяда сабалган кыргызстандык кыз (8)
Тема боюнча
Антальяда сабалып комага түшкөн кыргызстандык кыз көзүн ачты
Антальяда кыргызстандык кызды сабаган деген шек менен эки киши кармалды
Суу өчүрүү. Архив

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

15
(жаңыланган 13:40 01.03.2021)
Суу токтотулган конуштун тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.

"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.

Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.

Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.

15
Белгилер:
эскертүү, өчүрүү, оңдоо, суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды

Кыргызстандагы эң кымбат 10 университеттин тизмеси жана баалары

46
(жаңыланган 13:20 01.03.2021)
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуу акысы эң кымбат 10 жогорку окуу жайдын тизмесин жарыялады. Арасында акысы 50 миң сомдон жарым миллионго чейин чапчыгандары бар.
Кыргызстандагы  эң кымбат 10 университет

Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.

Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.

Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.

Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.

Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.

46
Белгилер:
контракт, кымбат, Университет, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары