Медина Нукеева: Жибектин операциясына каражат жетер-жетпеси бүгүн билинет

© Фото / Жибек НукееваОбладательница титула "Мисс Кыргызстана-2013" Жибек Нукеева
Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жибек Нукееванын операциясына белгилүү банктардын бири 5 миллион сом каражат бөлгөнү белгилүү болду. Буга чейин туугандары 17 миң доллар чогултууга жетишкен.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. "Кыргызстан чүрөгү — 2013" наамынын ээси Жибек Нукееванын операциясына белгилүү банктардын бири 5 миллион сом бөлгөнү тууралуу кабар социалдык тармактарда тарап, маалыматтын чын экенин Жибектин эжеси Медина Нукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. 

Анын айтымында, мындай кабар алардын өздөрү үчүн да күтүүсүз болгон. 

"Укканда өзүбүз да шок болдук. Тиешелүү жерлерге чалып тактасак, каражат бөлүнөрү чын деп айтышты. Жибектин операциясына 5 миллион сом бөлгөн банктын директору өзү жакында келет экен. Бүгүн эсептер ачылган банкка барып, бардык чогулган акчаны эсептеп көрөйүн деп жатам. Буга чейин өзүбүз 17 миң доллар чогултканбыз. Каражат жетер-жетпеси бүгүн билинет", — деди Нукеева.

Девушка перед операцией на груди. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атанын жеген тамагы кыздардын эмчек рагын шартташы ыктымал
Эскерте кетсек, жыл жаңырар алдында "Кыргызстан чүрөгү-2013" конкурсунун жеңүүчүсү жана "Аалам сулуусу — 2013" эл аралык конкурсунун катышуучусу Жибек Нукеева рак илдетине кабылганын билдирип, социалдык тармактар аркылуу калкка жардам сурап кайрылган. 

Нукеевага Кыргызстандагы шоу-бизнес менен моделдик агенттиктин өкүлдөрү дагы жардам берүү үчүн кайрымдуулук концертин берүүнү пландап жатышат.

Медина Нукееванын айтымына караганда, Жибекке зарыл операция Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия борборунда жасалып, баасы 80 миң евро турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0