Кыргызстандык жаш окумуштуу Россиядагы космос боюнча сынакта жеңүүчү болду

© Фото / предоставлено Нурланом УсубалиевымКыргызстандык 29 жаштагы Нурлан Усубалиевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандык 29 жаштагы Нурлан Усубалиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу калыстардын сынына космостук байланыш үчүн фото кабыл алуучу жабдыкты сунуштаган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызстандык 29 жаштагы Нурлан Усубалиев Россияда өткөн сынакта жеңүүчүлөрдүн катарына кошулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жаш окумуштуу өзү билдирди. 

Сынакты Роскосмос мамлекеттик корпорациясы менен Перспективдүү изилдөөлөр фонду уюштуруп, ага 100дөй илимий эмгек катышкан.

"Сынактын жыйынтыгы боюнча 19 адам жеңүүчү аталды. Ошолордун катарынан орун алдым. Мен космостук байланыш үчүн фото кабыл алуучу жабдыкты сунуштагам. Ал илимий изилдөөнү ишке ашырууга ар тараптан колдоо болот. Мындан аркы илимий иштерим үчүн Роскосмостун ишканалары жана институттарынын башкы конструкторлору менен байланыш түзө алам", —деди Усубалиев.

Мекендешибиз учурда Сибирь мамлекеттик университетинде геосистема жана технологиялар багыты боюнча аспирантурада билим алып, инженердик жаатта консультативдик кызмат көрсөткөн компанияны жетектейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0