Россияда төрт айдан бери дайынсыз жүргөн кыргыз кыз табылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын апасы 10 күн мурда Москвага келип, өз алдынча издеген. Бирок натыйжа болбогондуктан Кыргызстандын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 5-январда гана кайрылган.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 2016-жылдын 7-сентябрынан бери дайынсыз жоголгон 21 жаштагы Арууна аттуу кыз аман-эсен табылды. Бул маалыматты ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Аскат Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Кыз өкүлчүлүктүн атайын жүргүзгөн иш-чарасынын натыйжасында табылган.

"Кыздын жүргөн жери такталып, бүгүн апасына алты саны аман тапшырылып берилди. Арууна эртең апасы менен мекенине учуп кетмей болду жана ар кандай себептер менен ушуга чейин ата-энеси менен кабарлаша албай жүргөндүгүн жана эч кимге доо арызы жок экендигин билдирди", — деди Алиев.

ИИМ өкүлү Арууна Москва шаарында 2015-жылдан бери иштеп жүргөнүн, 7-сентябрда апасына Кыргызстанга баруу үчүн билет алдым деп чалганын жана ошондон кийин байланышпаганын кошумчалады.

Кыздын апасы 10 күн мурда Москвага келип, өз алдынча издеген. Мындан натыйжа болбогондуктан ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 5-январда гана кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0