Пенсионердин жалгыз терезесин бүтөп салган курулуш боюнча иш козголду

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПередача ключей от квартир ветеранам ВОВ
Передача ключей от квартир ветеранам ВОВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин Ибраимов көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үй тургундардын нааразычылыгын жаратууда.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Милиция Бишкектин Ибраимов көчөсүндөгү №42 үйдөгү курулуш боюнча иш козгоду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Аталган үйдүн 90 жаштагы тургуну Алмазбек Атамбаевге кат жазып, жалгыз терезесин жаппоону суранган. 

"Эгерде жападан жалгыз терезем жабылып калса, көчөнү көрө албай калам. Мындан сырткары, караңгыда өзүмдү ыңгайсыз сезем", — деп жазган пенсионер. 

Кемпирдин үйүнүн жанындагы жер тилкеге стоматологиялык борбор куруу үчүн мэрия тарабынан уруксат 2008-жылы берилген. 

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр: Бишкекте муниципалдык бала бакчалар курулбайт
Курулуш курууга уруксат берген мөөнөт бүткөндүгүнө карабай, бир топ мыйзам бузуулар менен учурда курулуш иштери жүрүп жаткандыктан көп кабаттуу үйдүн тургундары сотко кайрылган. 

Учурда жашоочулар имарат куруп жаткандар менен соттошуп келет. Ал эми Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция милицияга арыз менен кайрылып, курулушту токтотууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. 

Мындан улам Кылмыш жаза кодексинин 353-беренеси (өз билемдик) боюнча кылмыш иши козголду. 

Белгилей кетсек, буга чейин шаар мэри Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып, маселе сөзсүз чечилерин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0