Мэрия: үй-жайсыз калгандарга бекер нан таратыла баштады

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүНан көтөрүп бараткан аял. Архив
Нан көтөрүп бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнүнө алты миң бөлкө чыгарып жаткан наабайкана былтыр 7-майда ачылган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын муниципалдык наабайканасы үй-жайсыз калган адамдарга бекер нан тарата баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Какаганга муштаган: үйүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды - Sputnik Кыргызстан
Какаганга муштаган: үй-бүлөсүн эптеп баккан Жайлообектин экинчи көзү көрбөй калды
Маалыматка ылайык, учурда аталган наабайкана Октябрь районунда жайгашкан үй-жайсыз калган адамдар баш пааналаган жайга ай сайын 300 бөлкө нан берип турат. Мэрия келечекте пенсионерлерди арзан нан менен камсыздоо пландалып жатканын белгиледи.

Күнүнө алты миң бөлкө чыгарып жаткан наабайкана былтыр 7-майда ачылган. 300, 400 жана 500 граммдык нандан 9-11 сомдун тегерегинде сатылат. Наабайкана шаардагы 18 павильон менен иштешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0