Бишкек өзгөрөт дешти. Мэрликке аттанып жаткандардын убадалары

Жазылуу
11-январда шаардык кеңештин депутаттары Бишкектин мэрин шайлайт. Шайлоо алдында Sputnik талапкерлер Албек Ибраимов менен Нурдин Абдылдаевдин убадаларына көз жүгүртүп көрдү.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Мэрлик жарышка катыша тургандар шаардык депутаттарды 9-январь күнү шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырды. Алар — учурдагы шаар башчы, Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясынан талапкер болгон Албек Ибраимов жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан көрсөтүлгөн Нурдин Абдылдаев

Sputnik ар бир талапкердин программасынан беш учурду салыштырып көрдү. 

© Фото / секретариат фракции Онугуу-Прогресс"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев
Кандидат в мэры Бишкека Нурдин Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Нурдин Абдылдаев

Нурдин Абдылдаев

1. Коалициялык администрация. Абдылдаев мэриядагы креслолор, анын ичинде вице-мэрлик да коалициянын ичинде бөлүштүрүлүшү шарт деп эсептейт. Анын пикиринде бул муниципалитеттин отчеттуулугу менен ачыктыгын жогорулатат.

2. Шаарды ирээтке келтирүү. Талапкер жаңы конуштар менен шаар четиндеги аймактардын өнүгүшүнө басым жасай тургандыгын айтты. Учурда периферияны өнүктүрүү үчүн шаардык казынадан болгону 8 пайыз гана каражат жумшалат экен. Абдылдаев каржылоону көбөйтүү ниетинде. 

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти бийлей турган талапкерлер тууралуу 5 факты
3. Жолдогу автотыгындар менен күрөш. Автоунаа токтотуучу көп тармактуу жайларды куруу керек деп эсептейт. 500 орундуу мындай жайды курууга талапкер 1,5 миллион доллар жумшоону талап кылууда. Ага кеткен каражат 6-8 жылда инвесторлорду тартуу менен акталат деген ишенимде.

4. Мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү. Абдылдаев деталдуу пландоонун долбоорун бекемдөөө менен бул маселени чечүүгө болот деп эсептеп, мындай курулуштарга жана параллель долбоорлоого мораторий киргизүүгө убада кылат. 

5. Коомдук транспорт тармагын реформалоо. Талапкер акырындык менен коомдук транспорт катары троллейбустар менен автобустарды гана калтырууга ниеттенип жатат. Алгач маршруткаларды шаардын борбордук бөлүгүнөн чыгарып, андан соң акырындык менен аларды шаардын чет жакасында гана жүргүдөй системага келтирүү ниетинде. Аны менен катар эле шаардыктарды коомдук транспортто накталай акча менен эмес, пластикалык карточкалар аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн жаратарын айтты. Ал эми айдоочулар жол эрежелери жана өзүн алып жүрүү боюнча атайын аттестациядан өтмөкчү. 

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясынан талапкер болгон Албек Ибраимов
Новоизбранный мэр Бишкека Албек Ибраимов - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициясынан талапкер болгон Албек Ибраимов

Албек Ибраимов 

1. Көчөлөрдү оңдоо. 2017-жылы жолдор эки фазада салынат. 1-фазада 53 көчө бар. Анын жалпы узундугу 136 чакырымды түзөт. 2-фазага 49 көчө кирген, анын болжолдуу узундугу 83 чакырымга жетет. Мындан тышкары, эстакадалык көпүрөлөр курулат. Мэрликке талапкер Албек Ибраимов жолдорду реабилитациялоо иштери Кытай грантынын негизинде ишке ашарын белгилеген. 

2. Тазалык маселеси. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан алынган каражат 3 фазага бөлүнүп пландалган. 1-фазада 5600 контейнер алынып, 1332 контейнерге аянтча курулган. Ошондой эле 32 атайын техника алынган. 2-фазада жаңы полигон курулуусу керектелсе, 3-фазада эски полигонго рекультивация жасалышы керек. Бул иштердин бардыгына 22 миллион евро бөлүнгөн. Анын 11 миллиону грант, 11 миллиону 2 пайыздык насыя менен 20 жылга берилген. 

3. Коомдук транспорт. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2017-жылдын 1-кварталында тендер өтөт. Анын негизинде 50 троллейбус алынып, эки унаа жуучу жайдын салынышы каралууда. Бул иштер 804 миллион евролук келишимдин негизинде ишке ашат. Ошондой эле тыгын жараткан маршруткаларды азайтуу максатында шаарга 300 автобус алуу каралып жатат. 

4. Тротуарлар. Тротуарларды, көчө кесилиштерди, жол чырактарды, парк скверлерди жакшыртуу долбоорунун каржыланышын бюджетке киргизүүгө аракеттер көрүлөт. 

5. Ирригациялык система. Бишкекте 454 чакырымды түзгөн арыктар бар. Алардын 136 чакырымына жаңы лотоктор коюлган. Бул долбоор 50 миллион сомго ылайыкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0