Ата Мекен фракциясынын депутаты Аида Салянованын архивдик сүрөтү

Салянова: УКМКнын соцтармакта Атамбаевди сындагандарды текшергени мыйзамсыз

673
(жаңыланган 10:03 12.01.2017)
"Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова УКМК бир гана президентти эмес, бардык жарандарды коргошу керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. УКМКнын социалдык тармакта президентке айтылган сындарды текшергени мыйзамсыз. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК социалдык тармактарда президент Алмазбек Атамбаевдин беделине шек келтиргендердин тизмеги түзүлгөнүн жар салган. 

"Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу. Ошондуктан УКМКнын социалдык тармактарда президент тууралуу ачуу сындарды айткандарды тизмектеши, иликтеши мыйзамсыз. Буга прокуратура укуктук баасын бериши керек", — деди Салянова. 

Экс-баш прокурор УКМК бир гана президентти эмес, бардык жарандарды коргошу керектигин айтып, ушул жүрүш менен кетсек "лайк" баскандар жоопко тартылып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

673
Белгилер:
социалдык тармак, Аида Салянова
Тема боюнча
Аида Саляновага кылмыш иши козголду
Соцтармак үчүн соттошкондор: депутаттын доосу активистти айыпка жыкты