Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок

© Фото / Радиана КайрнасоваПольшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова
Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз мекенинде эле эмес, чет өлкөлөрдө дагы да ийгилик жаратып жүргөн мекендештерди көрүп кубанбай коё албайсың. Алардын бири Чолпон Мукамбетова учурда Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп иштейт.

Мекендешибиз эне тилинен сырткары беш тилди өздөштүрүп, Голландия өлкөсүндө практика өтөгөн. Чолпон Мукамбетова менен журналист Эламан Карымшаков маектешти.

© Фото / Чолпон МукамбетоваЧолпон Мукамбетова: быйыл Евробиримдик долбоордун негизинде мыкты бүтүрүүчүлөргө ири ишканаларда практика өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Мен да ага катышып практика өтөгөндөн кийин, компания өзүндө иштеп калууну сунуш кылды
Финансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Мукамбетова: быйыл Евробиримдик долбоордун негизинде мыкты бүтүрүүчүлөргө ири ишканаларда практика өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Мен да ага катышып практика өтөгөндөн кийин, компания өзүндө иштеп калууну сунуш кылды

— Чолпон, мындай деңгээлге кантип жеттиңиз? Кайсы жерден билим алгансыз?

— Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназияда окугам. Андан соң Кыргыз-орус славян университетине тапшырып "Каржы жана насыя" адистиги боюнча жогорку билимге ээ болдум. Диплом алгандан кийин Каржы министрлигинде бир жыл практика өтөдүм. Андан соң банкта төрт жыл иштедим. Ал жактан чыгып Польшанын Варшава шаарындагы Вистула университетинде эки жыл магистратурада окудум. Үстүбүздөгү жылдын жай айында CBRE эл аралык компаниясынын Варшавадагы кеңсесине жумушка орноштум. Компаниянын дүйнө боюнча 400 кеңсеси бар, анда 70 миң адам иштейт.

— Айтканга оңой болгону менен бул нерселерди жүзөгө ашыруу көп эмгекти талап кылса керек…

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
— Студент кезимде эле бир катар эл аралык уюмдарда ыктыярчы болуп иштечүмүн. Анын аркасы менен көп нерсеге жетиштим, башка улуттан көптөгөн досторду таптым, кесибим боюнча тажрыйба топтоп, дүйнөлүк аренадагы компанияларда иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Быйыл Евробиримдик долбоордун негизинде мыкты бүтүрүүчүлөргө ири ишканаларда практика өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Мен да ага катышып практика өтөгөндөн кийин, компания өзүндө иштеп калууну сунуш кылды. Мени менен бирге бул жакта дагы эки кыргыз бала иштейт.

— Чет өлкөгө чыгарда эң биринчи тил билүү зарыл. Сиз канча тил үйрөндүңүз?

— Учурда кыргыз тилинен сырткары орус, түрк, англис, француз, тилдеринде эркин сүйлөй алам. Ал эми поляк тилин жаңыдан өздөштүрүп жатам. Бул жактагы тааныштарымдын баары эле көп тил билет, аларга 5-6 тил билүү анчалык деле таң калычтуу нерсе эмес экен. Саякат учурунда Голландия, Бельгия, Германия, Швеция, Дания, Чехия, Австрия, Швейцария, Италия, Венгрия, жана Бириккен Араб Эмираты болуп жалпысынан 17 өлкөнү көрүп келдим. Ар өлкөдө досторум бар, алардын чакыруусу менен барып турам.

© Фото / Радиана КайрнасоваЧолпон Мукамбетова: бул жактагы тааныштарымдын баары эле көп тил билет, аларга 5-6 тил билүү анчалык деле таң калычтуу нерсе эмес экен
Финансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Мукамбетова: бул жактагы тааныштарымдын баары эле көп тил билет, аларга 5-6 тил билүү анчалык деле таң калычтуу нерсе эмес экен

— Тажрыйба топтоп келип Кыргызстанда иштейин деген пландарыңыз барбы?

— Бул жакка келгенче Кыргызстанда жетиштүү эле иштедим го (күлүп). Жогоруда айткандай дагы да дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө иштегим келет. Келечекте компаниянын Лос-Анжелестеги башкы кеңсесинде жана Сингапур, Канада, Лондон өңдүү мамлекеттерге барып иштөөгө план койгом. Ошондой эле акырындык менен бул жактан да жеке бизнес ачууга ниеттенип жатам.

— Европа менен кыргыз элинен кандай айырмачылыктарды байкай алдыңыз?

— Башкы айырмачылыкты менталитеттерден сездим. Кыргызстанда бирөөнүн жеке жашоосун талкуулоо башкалар үчүн аябай кызыктуу нерсе. Анан да "эл эмне дейт" деген ой менен жашашат. Ал эми Европада болсо биздеги үй-бүлөнү ыйык тутуу, меймандостук деген сезимдер жок. Ар бир адам өз алдынча жүрө берет. Ошондой эле бул жерде айлана-чөйрөгө, жаратылышка аяр мамиле жасап, баалап-баркташат. Биздин жаратылыш аябай кооз, бирок ошонун баркына жете албаганыбыз өкүндүрөт. Кээде элибиз жалкоолугунун, өз күчүнө ишенбегендигинин айынан көптөгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберет.

© Фото / Радиана КайрнасоваЧолпон Мукамбетова: эң биринчи өзүңө ишенип, тандаган жолуңдан артка кайтпай, тырмышып окуп, иштесең, ошондо ийгиликке жол ачылат. Ушундай мүнөзүң менен гана кыялыңды орундата аласың дээр элем
Финансовый аналитик международной компании в Варшаве Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Чолпон Мукамбетова: эң биринчи өзүңө ишенип, тандаган жолуңдан артка кайтпай, тырмышып окуп, иштесең, ошондо ийгиликке жол ачылат. Ушундай мүнөзүң менен гана кыялыңды орундата аласың дээр элем

— Саякат учурунда кызыктуу окуялар көп болсо керек?

ТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн Интерны, Универ, Саша Таня, Бородач жана ХБ шоу сериалдарын тарткан топтун оператору Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Эмил Раев: ТНТ телеканалында оператор болгонго чейин эки жыл полун жууп иштедим
— Былтыр жаңы жыл тосуу үчүн Италиянын Венеция шаарына баргам. Ал жактагы досторум менен майрамды жакшы өткөргөнбүз. Андан ары жалгыз Флоренцияга саякаттоого кеткем. Бирок акчам сакталган карточкамды мейманканада унутуп кетиптирмин. Досторума чалсам, дем алыш күнгө туш келгендиктен, дүйшөмбү күнү гана жөнөтө аларын айтышты. Ошентип кечке жуук Флоренцияга келдим. Жамгыр аябай жаап атыптыр, суу болуп брондолгон мейманканамды араң таап келсем, "сиздин бронь кабыл алынган эмес" дешти. Өзүмдү карап же ыйларымды, же күлөрүмдү билбей карточкам келгенче каерде жашайм деп башым катып отуруп калдым. Шаарды дагы билбейм, акчам жок, курсагым ач, чоло жерим калбай суу болуп көчөдө калдым. Анан ал жердегилер 15 мүнөт жол бассаң, жатакана бар дешти. Ал жерге барсам ээси карыган кемпир экен, мени көрүп аяды окшойт, акчам жок экенине карабай жашоого уруксат берди. Жатакана го таптым, эми курсагымды кантип тойгузам деп отурсам, дагы бир кыз суу болуп кирип келди. Ал дагы мен барган мейманканадан орун таппай келиптир. Экөөбүз таанышып, абалымды айтып бердим. Анан ал мага тамак алып берип, шаарды көрсөтүп аябагандай сонун экскурсия жасаганбыз. Ал кыз туризм багыты боюнча окуган экен. Ошондон кийин Флоренция шаарынын кооздугу жана калкы меймандос экени эсимде калып, жакшы көргөн шаарым болуп калды. 

— Көздөгөн максатка жетиш үчүн эмне кылуу керек?

— Эң биринчи өзүңө ишенип, тандаган жолуңдан артка кайтпай, тырмышып окуп, иштесең, ошондо ийгиликке жол ачылат. Ушундай мүнөзүң менен гана кыялыңды орундата аласың дээр элем. Мен бала чагымда жер кыдырууга аябай кызыкчумун. Турист катары эле саякаттап барбай, ар бир жердин жашоо-турмушу менен таанышып ошол жерде жашап, иштеп көргүм келчү. Өзүмө план коюп, көздөгөн максатыма жетүүгө бар күчүмдү жумшадым. Жаштын тилегин берет экен, акырындык менен ой-максаттарыма жетишип жатам. Буюрса, келечекте дагы көп өлөкөлөргө барып, иш тажрыйбамды өркүндөтсөм дейм. Ошондой эле мага ар дайым дем берип, колдоп жүргөн ата-энеме өзгөчө ыраазычылыгымды айтам!

Жаңылыктар түрмөгү
0