Facebook жана Youtube КРде жеткиликтүү болот. Кытайдан интернет алуу жолдору

© flickr.com / Esther VargasYuTube сайтынын логотиби. Архив
YuTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда "Кыргызтелеком" Кытайдын "Чайна телеком" компаниясы менен Кыргызстанга интернет алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 12-янв.— Sputnik. Кытайдан интернет сатып алууда кыргызстандыктар үчүн эч кандай тоскоолдук жаралбайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызтелеком" ААК коммерциялык жетекчиси Кылыч Куталиев билдирди.

Дата-центр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстанга интернетти арзан бере баштады
Мурда аталган ишкана Кытайдын "Чайна телеком" компаниясы менен Кыргызстанга интернет алып келүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү тууралуу маалымдаган. 

Учурда келишим жана баалар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Куталиевдин айтымында, сапаттуу интернет болуш үчүн туруктуу камсыздоочу керек. Эгер бир камсыздоочунун интернети түшүп баратса, экинчисинен ала калгыдай болуш керек.

"Бизге Казакстандан интернет алуу ыңгайлуураак. Кыргызстандын азыр казактардан жана кытайлардан интернет алууга мүмкүнчүлүгү бар. Өзбекстан менен Тажикстан азырынча ылайыктуу эмес, алар деле интернетти Казакстандан алат. Тажикстан Кыргызстан, анан Өзбекстан аркылуу алат", — деди Куталиев.

Кытай менен келишимге кол коюлгандан кийин Facebook баракчасына жана Youtube каналдарына чектөө коюлбай турганын "Кыргызтелеком" сөз берүүдө. 

"Биз Кытай жана Казакстан аркылуу Россиянын интернетин сатып алабыз, башкача айтканда интернет орустардыкы болуп кала берет", — деди ал. 

Август айынын башында Казакстан Кыргызстанга интернетти 3-4 эсеге кымбаттатып жиберген.

Нефть ташуучу эшелон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин Кыргызстанга мунай жеткирүү жөнүндө келишимди ратификациялады
Мындан улам атайын өкүлдөр Казакстандагы кесиптештерине бааны көтөрүү маселеси боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ноябрь айынын башында КРдин Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов казакстандык операторлор Кыргызстандын интернет провайдерлери менен секундасына бир мегабит интернет үчүн 15 долларлык тариф белгиленген келишимге кол койгондугу тууралуу билдирген.

Интернет чырынан улам "Кыргызстелеком" ишканасынын жетекчиси Эмил Ешеналиев кызматтан кетип, ордуна Бекзат Үсөнканов келген. 

Башкы прокуратура ишкана мамлекеттик сатып алууну сынак же бааларга мониторинг чыгарбай өткөргөндүгүн эске алып, кылмыш ишин козгогон. Жыйынтыгында эки компания тең 275 миң доллардан төлөшкөн. Буга чейин "Кыргызтелеком" Казакстан менен келишим түзгөн себебин абоненттерди интернетсиз калтырбоо максатын көздөгөнү менен түшүндүрүп беришкен. 

Кыргызстан Интернетти кайдан жана кантип алат, кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0