Мурадиллаевдин операциясына кыргыз кызын алган түрк жараны жардам берип жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовИнтервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым
Интервью с киноактером Азизом Мурадиллаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиз Мурадиллаевдин 15-январь күнү боорун алмаштыруу үчүн Стамбулга кетет.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Актер Азиз Мурадиллаевдин боорун алмаштыруу боюнча операциясын кыргыз кызына үйлөнгөн түрк жараны 65 миң долларга арзандатууга жардам бергенин теле алып баруучу Ассоль Молдокматова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, актердун операциясына жалпысынан 95 миң доллар зарыл болчу. 

"Мен алгач Азизге Индиядан клиникаларды издеп жаткам. Ошол маалда мага Түркиядан Фуркан Улусой аттуу жигит байланышка чыкты. Анын жубайы кыргыз кызы экен. Менин социалдык тармактардагы Азиз тууралуу маалыматтарымды окуп, жардам берүүнү чечиптир. Ошентип "Memorial Healthcare Group" клиникасына сүйлөшүп, эми 95 миң долларлык операция 30 миңге жасалмай болду", — деди Молдокматова. 

Ошондой эле Молдокматова өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу Мурадиллаевге жатакана жана котормочу даярдап бергендиги үчүн Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовго ыраазычылык билдирди. 

Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жибек Нукееванын өмүрүн сактап калчу операцияга 15 миң доллар жетпей жатат
"Азиз Стамбулга апасы менен барат. Анализдерди тапшыруу маалында апасына эле эмес, өзүнө дагы жатакана керек болот. Буга дагы абдан көп акча кетмек. Түркиядагы элчибиз Ибрагим Жунусовго кайрылганымда, ал дароо эле мейманкадан орун, котормочу даярдатып койгонун билдирди", — деди ал. 

Маалыматка караганда, Азиз Мурадиллаев Түркияга 15-январь күнү сапар алат. 

Эске сала кетсек, январь айынын башында актердун дарылануусуна өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 414 миң сом бөлгөн

Былтыр Азиз Мурадиллаевге боордун 4-даражадагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлган. Ага октябрь айында Москва шаарында алгачкы операция жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0