Акибаев Боомдогу ажатканалар менен кафелерди оңдоого үч ай убакыт берди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Иссык-Кульской областиГлава Иссык-Кульской области Асхат Акибаев
Глава Иссык-Кульской области Асхат Акибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын учурунда Ысык-Көлдүн башчысы кафелер менен ажатканалардын абалы кандай болсо, облус тууралуу дагы ошондой пикир жараларын белгилеген.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун башчысы Аскат Акибаев Боом капчыгайындагы кафелердин директорлору менен жолугушту. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жыйын учурунда жайкы туристтик сезонго карата даярдык тууралуу талкууланган. 

"Облус башчысы кардарларды тейлөө кызматын жакшыртуу кафенин гана эмес, облустун дагы беделин көтөрөрүн белгиледи. Ал ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 17-апрелине чейин кафелер менен ажатканалардын абалын оңдоо тапшырмасын берди", — деп айтылат маалыматта. 

Жыйын учурунда Ысык-Көлдүн башчысы кафелер менен ажатканалардын абалы кандай болсо, облус тууралуу дагы ошондой пикир жараларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0