Instagram баракчасы. Архивдик сүрөт

Instagram баракчасында жарнама көбөйө баштайт

75
(жаңыланган 10:56 13.01.2017)
Жарнамалар Instagram Stories бөлүгүндө жайгаштырылмакчы.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Белгилүү Instagram баракчасы бул жолу Instagram Stories бөлүгүндө жарнамалоонун дагы бир түрүн чыгарышты. Бул тууралуу компаниянын расмий бизнес-блогунда айтылат.

Жарнамалык негиздеги роликтер Instagram Stories бөлүгүндө колдонуучулар жарыялаган билдирүүлөрдүн ортосуна жайгаштырылмакчы. 

Stories бөлүгүнө жарнаманы чыгара турган алгачкы 30 белгилүү компаниянын арасында General Motors, Nike, McDonald’s, BuzFeed, Netflix, Asos жана Shiseido компаниялары бар. 

Иштеп чыгуучулар аталган кызматты бир нече жуманын ичинде дүйнө жүзүнө таратууга сөз беришүүдө. 

Былтыркы жылдын ноябрь айында компания өкүлдөрү Instagram колдонуучуларына баракчанын ичинде эле түзмө-түз онлайн-сатып алуу үчүн жаңы инструменттерди киргизүүгө сөз беришкен.

75
Белгилер:
бөлүк, көрнөк-жарнак, баракчалар, Instagram
Тема боюнча
Фейсбукта "жакпайт" деген кнопка пайда болушу мүмкүн