ИИМ Ысык-Атадагы балдар үйүнө 200 миң сомдук жардам көрсөттү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБалдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив
Балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын делегация балдарга музыкалык аппарат, сыналгы, кышкы бут кийим, жаңы жылдык белек берди.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги тарабынан "Красная речка" мектеп-интернатына материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ИИМ билдирди. 

Балдар үйүнө жалпысынан 200 миң сомго чукул акча каражаты сарпталды. 

"Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жетектеген делегация Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун "Красная речка" айылында жайгашкан мектеп-интернатына музыкалык аппарат, сыналгы, кышкы бут кийимдерди, жаңы жылдык белектерди, окуу куралдарын, азык-түлүктөрдү, кир жуучу каражаттарды алып барышты", — деп жазылат маалыматта. 

Ал эми Асанов колдоо иретинде балдар үйүнө өз чөнтөгүнөн 10 миң сом берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0