Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарында 1000 комузчунун катарында Атай Огонбаевдин Маш ботой күүсүн черткен ысык-көлдүк комузчулар

Ысык-Көл: 1000 комузчунун катарында "Маш ботойду" черткен өнөрпоз балдар сыйланды

192
(жаңыланган 19:06 14.01.2017)
Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Көчмөндөрдүн II дүйнөлүк оюндарында 1000 комузчунун катарында Атай Огонбаевдин "Маш ботой" күүсүн черткен ысык-көлдүк комузчулар коллективине президенттин атынан ыраазычылык кат тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, сый баракчаларды балдарга өкмөттүн өкүлү Асхат Акибаев тапшырды.

"Силердин өнөрүңөргө дүйнө коомчулугу да, кыргызстандыктар да таң калып, ошол эле учурда силер менен сыймыктанып турду", — деди облус жетекчиси. 

Эскерте кетсек, Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн.

192
Белгилер:
комузчу, Маш ботой күүсү, Ысык-Көл
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Тарых жана маданият жылы: даңкы жана даңазасы