Кылыч Жолдошев: милициянын кашын жара тепти делген кызды тааныбайм

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошев
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүн ырчы деп тааныштырган Алтынай Жайнакова Кылыч Жолдошевге телефон чалаарын айтып милиция кызматкерлерин коркуткан.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошев Sputnik Кыргызстан агенттигине Алтынай Жайнакованы такыр тааныбай тургандыгын билдирди. 

Мас абалында милиция кызматкеринин чекесин жара тепти делген ырчы кыз Алтынай Жайнакованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Алтынай Жайнакова: милиция кызматкерлери мени шылдыңга алып кордошту
Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү саат 02.10дор чамасында Ош шаарынын Кайгуул милициясы шаардын Масалиев жана Абдыкадыров кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде Honda Accord үлгүсүндѳгү автомашинасынын алыскы чырактарын жандырып келе жаткан учурда токтоткон. Окуядан чыр чыгып, айдоочу өзүн ырчы кызмын деп тааныштырган. 

"Алтынай Жайнакова деген ырчыны такыр тааныбайм. Ал мага кошуна да, тууганда эмес. Негизи Кайгуул милициясы токтоткондо чоңдордун атын айткандар көп эле болуп жатат. Балким ал кыздын анча-мынча тойдо ырдагандыгын көргөндүрмүн", — деди Жолдошев.

Ал Алтынай Жайнакова социалдык тармак аркылуу кечирим сурагандыгын кошумчалады. 

"Кечээ социалдык тармак аркылуу кечирим сураптыр. Жеке мага келген жок. Анын кечирим сурашы зарыл деле эмес. Негизи менин атымды саткандар болсо тескерисинче көбүрөөк жазалагыла деген талап коем. Мен мыйзам бузагандарга колдоо көрсөтпөйм", — деди ал. 

Жолдошев милиция кызматкерлери жөн жерден айдоочуларды токтоткон учурлар да бар экенин айтып, жабыр тарткандар болсо арыз менен кайрылса болоорун кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0