Соцтармакта учак кырсыгынан жабыркагандарга материалдык жардам чогултула баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары учак кырсыгында жабыркаган жергиликтүү тургундарга кийим-кече, акча чогултула баштады. 

Жардам беребиз дегендер үчүн маалымат:

 

  • Манас проспектиси, 9. Москва менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы жайгашкан Сoffee кофейнясында — тел: 0555 58 76 44 Зуля 
  • Спорт ордосунун жанындагы Сoffee кофейнясы — 0555 58 76 44 Зуля 
  • ЦУМ соода борборундагы Сoffee кофейнясы — 0555 58 76 44 Зуля 
  • Кафе саат 9.00дөн түнкү 00.00гө чейин күн сайын иштейт.
  • Үсөнбаев көчөсүндөгү "Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы. Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 8.00дөн 17.00гө чейин. Тел: 0555 92 35 65 Надежда Дордой базары, Европа, 1 өтмөк, 151 контейнер. Тел: 0551332882 Наташа 
  • Дордой-Плаза дүкөнү, 1 кабат, бутик B-1, тел: 69-61-73 Зарема.
  • Элсом 0555718817

Ошондой эле азык-түлүк, кийим-кечелерди чогултуу боюнча Жаш гвардия бульвары 71а дарегинде балдар хосписи иштеп жатат. Мындан сырткары жардам көрсөтүү байланышкандардын үйүнө барып да алып кетишет. Тел: 0556400400, 0312973138 

Баардык жерде атайын дептерлер коюлган, ага жөнөтүп жаткан жаран аты-жөнүн, жана жардамдын өлчөмүн жызып калтырат. Элсом аркылуу акча которгондор да смс аркылуу билдирүүсү зарыл. Кийин жалпы жыйынтык боюнча отчет чыгарылат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Гонконг-Стамбул" каттамы менен келе жаткан Boeing – 747 жүк ташуучу учагы "Манас" аэропортуна жакын Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Учак Бишкекке май куюу үчүн токтомок. 

Маалыматтарда учак айылдын үстүнө кулап түшүп, анын кесепетинин 34 адамдын өмүрү кыйылып, 23 үй жабыркаган.

Учактын кыйрашы боюнча толук жана кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинен темасынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0